Пример HTML-страницы

Turmush: Дрифт, жарыш жана адреналин: Кара-балталык гонщиктер 3-орунду алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushОзерной айылында өткөн унаалар жарышына кара-балталык гонщиктер (велосипед, мотоцикл жана башка менен жарышуу ыгын билген же жарышка катышкан киши) Александр Мальцев менен Сергей Вилков дагы катышты.

Иш-чарага 20 жол тандабас катышып, анын ичинен 4 унаа Кара-Балта шаарынан болгон.

«Бул мелдештерге эки унаа катышты: «Нива» жана «Чероки». Биринчи унаа ТР-1 категориясында, экинчиси ТР-2 категориясында ат салышты. Биринчи категория абдан популярдуу болуп саналат. Ага стандарттык унаалар катыша алышат. Башкача айтканда, белгилүү бир техникалык өзгөртүүлөр киргизилген гана унаалар. Кийинки категорияда олуттуу өзгөрүүлөр бар. Ал эми үчүнчү категорияда ээлери унааны нөлдөн баштап чогултушат. Бул мелдештерде алгач бир унаа, андан кийин тоскоолдуктарды басып өткөн беш унаа оодарылды. Биздин экипаж бир жерде капталына жатып кала жаздады. Унаанын жарымы сазга чөгүп кетти. Бирок ошентсе да өз алдынча чыгып кетүүгө жетиштик, лебедка (оордукту көтөргөн унаа) жардам берди. Анан башкаларга жардам бердик. Бизде жарыштарда ар дайым тилектештик бар. Кара-Балтадан келген унаалар анчалык көп эмес, байгелерди чанда гана алабыз. Штурманым (кемелерди, учактарды жолго баштоочу киши) экөөбүз биринчи жолу үчүнчү орунду алдык.

Шаарыбыздагы автоклубга 5-6 жылдай болгон. Анда 30дан ашык унаа бар. Жарыштарга катышуу үчүн унааларды сатып алдык. Адегенде «Ниваны» алдык. Бирок күч жетишсиз болгондуктан, кийинчерээк «Черокини» алууну чечтик. Жыл ичинде унааларды атайын сынакка даярдадык.

Кичинекей кезимден бери жарышты жана унаага тиешелүү болгондордун баарын жакшы көрчүмүн. Мага дрифт, драг-рейтинг жагат. Бул жарыш мелдештери. Бул чыныгы эркектердин спорту деп ойлойм. Мен эч качан штурманымды алмаштырбайм. Ар бир мелдешке олуттуу, үч жумадай даярданабыз. Ал эми акыркы жумада түнкү саат экиге чейин унаалар менен алек болдук. Жеңүүчүлөр негизинен унаа тейлөөдө колдонулуучу жабдууларды алышат. Үчүнчү орун үчүн бизге манометр, дөңгөлөктүн дефлятору, идиштердин комплекти, инструменттердин кутусу, суусундуктар, футболкалар, сумкалар берилди», — деди учкуч Александр Мальцев.

Бул жолу кара-балталыктар бардык эле категориялар боюнча катышкан жок. ТР-3 категориясындагы жарыштын салттуу катышуучусу Евгений Желябин белинен алган жаракатынан улам мелдешке чыга албай, бирок жердештерин колдоо үчүн келди.

Евгений мелдештер үчүн автотранспортту жети жылдан бери жыйнап, ал акыркы эки жылдан баштап иштеп жатат. TR-3 категориясына эң күчтүү жана жакшы даярдалган жол тандабастар кирет. Алар көбүнчө нөлдөн баштап чогултулат. Республика боюнча мындай унаалардан алтоо гана болсо, анын бири Кара-Балта шаарында.

«Дөңгөлөктөр күчтүү болушу керек. Ошондой эле, ар кандай кырдаалдан унааны алып чыгууга жардам бере турган лебедкалар болушу шарт. Менин унаам ТР-3 категориясына кирет. Мен аны нөлдөн баштап жасадым. Ал «Мерседес» жүк ташуучу унаасынан чогултулган. Аны кадимки жолдо айдап чыгуу мүмкүн эмес. Мен эки жылдан бери сынактарга катышып келем. Тилекке каршы, байгелүү орундарга ээ боло элекмин.

Албетте, мен жол тандабасты чогултканда атайын адистерди тарттым. Көптөгөн каталар кетирилип, алар кийин четтетилди.

Мындай спорттук иш-чараларга катышуу үчүн олуттуу даярдык керек. ТР-3 категориясы үчүн унааларды мүмкүн болушунча «жеңил» жасоого аракет кылышат. Бирок бизде оор жол тандабас бар, башкаларга караганда бир топ бийик. Бул унааларды өзүбүздөн башка эч ким айдай алышпайт. Автоунаа оор, салмагы эки жарым тоннадай. Бир гана дөңгөлөк диски менен 60 килограммды түзөт», — деди Евгений Желябин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE