Пример HTML-страницы

Turmush: Боом капчыгайында уурдалган миллиондор

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун милиция кызматкерлери ири суммадагы акча уурдоого шектелген жаранды кармашты.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, 2022-жылдын 17-ноябрында саат 02:00дө 2003-жылы туулган Владимир (аты-жөнү өзгөртүлдү В.И.А.) бөтөн бирөөнүн мүлкүн уурдоо максатында, өзүнүн тааныштары Ю.Р.Р. жана С.А.Т. үчөө Каракол шаарындагы автобекетке барышкан.

Каракол—Бишкек багыты боюнча К.Е.А. аттуу жаранга тиешелүү болгон кичи автобусту көрүшөт. Андан соң 1979-жылы туулган С.А.Т.ты кичи автобустун турган жери жөнүндө маалымат алуу үчүн жүргүнчү катары автобуска отургузуп коюшат.

Владимир экинчи досу менен такси кызматын аркалаган «Дэу-Матиз» үлгүсүндөгү унааны кармашып, кичи автобустун артынан жөнөшөт. Автобус Тоң районунун Боом капчыгайына токтоп, андан кийин жүргүнчүлөрдүн баары айдоочу менен бирге «Жибек-Жолу» кафесине киришкен. Ушул учурдан пайдаланып Владимир досу Ю.Р.Р. менен автобустун эшигин ачып, ичине тымызын кирип, сейфтен 5 миллион сом уурдап кеткен. Уурдалган акчаны өз ара бөлүшүп, кылмыш болгон жерден дароо качып кетишкен.

Каракол шаардык сотунун 2022-жылдын 19-ноябрындагы чечими менен шектүү Владимир №23 тергөө абагына 2 айга, тактап айтканда 2023-жылдын 17-январына чейин камакка алынган.

Ысык-Көл облустук соту баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырды.

Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүктүн 3,4 жана 4-бөлүгүнүн 1-пункту (уурдоо) кылмыш иши козголгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE