Пример HTML-страницы

Turmush: «Акимдин орун басары, төрайым, депутат…»: Ысык-Көлдөгү жетекчи айымдар

Акыркы жанылыктар

TurmushTurmush басылмасы 8-март — Аялдардын эл аралык күнүнө карата Ысык-Көл районундагы жетекчи айымдар менен тааныштырат.

Акматова Динара Асангуловна — Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары. Ал 1976-жылы 22-декабрда туулган. Аталган кызматты 2019-жылдын сентябрь айынан бери аркалап келет.

***************

Исаматова Айзат Тыныбековна — Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары. Ал 1985-жылы 21-декабрда туулган. Айзат Исаматова Министрлер Кабинетинин төрагасынын 2022-жылдын 4-октябрындагы №649 тескемеси менен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары болуп дайындалган.

************

Маткеримова Тилек Борончиевна — Ысык-Көл райондук аялдар кеңешинин төрайымы. Ал 1951-жылы 10-сентябрда Түп районунун Корумду айылында туулган.

Алдашева Альмира Алиевна — Ысык-Көл райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жетекчиси. Ал 1958-жылы 16-июлда туулган.

Байгелдиева Айнура —Ысык-Көл райондук жарандык абалдын актыларын каттоо, калкты паспорттоштуруу жана каттоо бөлүмүнүн башчысы.

Мамбетова Нургүл Сапаровна — Ысык-Көл райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы.

*************

Жайчибекова Самара Токтобековна — Ысык-Көл райондук маданият бөлүмүнүн башчысы.

***********

Алымкожоева Гүлүм Шамиевна — Ысык-Көл районундагы мамлекеттик тарыхый-маданий корук-музейинин директору.

************

Турдахунова Жыпара Бейшекеевна — К.Орозов атындагы балдар искусство мектебинин директору.

************

Үсөнбаева Дильбар Жекшенбековна — Ысык-Көл райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы.

***********

Батырбекова Лира Касымалиевна — «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын жетекчиси, Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаты. Ал 1965-жылы 12-декабрда туулган.

***********

Анара Кыштобаева — «Чолпон-Ата» базарынын жетекчиси.

**********

Алымова Аида Кадыровна — Курманжан датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунун директору.

**********

Асанова Нургүл Торгоевна — Ибн-Сина атындагы балдардын республикалык реабилитациялык борборунун директору.

*********

Өмүралиева Венера КурманакуновнаЫсык-Көл райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE