Пример HTML-страницы

Токтогулдун Толук айылына барчу жол тазаланды

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 20-февралда Токтогул—Толук унаа жолу ачылды. Бул туралуу айылдык кеңештин депутатты Толкунбек Молдомуров билдирди.

Маалым болгондой, жалпы айылга кеткен жол 85 чакырымды түзөт. Ал эми көчкү 2 чакырым жерге түшүп, бийиктиги 10 метрди түзгөн. Толук айылына 5 ашуу 7 суу кечип өтүп жетишет. Кар көчкү Термечик деген жерге түшүп, жолду бөгөп калган.

  • Толук айылы Токтогулдан 110 чакырым алыс жайгашкан. Кышы катаал, жайы салкын, тоолуу жер.

Учурда айыл ичиндеги жолдорду ӨКМ кызматкерлери тазалап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE