Пример HTML-страницы

Токтогулда рейдге чыккандар жапайы жаныбарлар атылганына күбө болгон. Сүрөт

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Токтогул районунда жыл башынан бери жапайы жан-жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылган эки учур катталды. Бул тууралуу Turmush басылмасына коомдук бирикменин жетекчиси Акылбек Гүлжигит уулу билдирди.

Анын айтымында, ыктыярчылардан түзүлгөн топ атайын рейддерди өткөргөн.

«Быйыл жыл жаңыргандан бери коомдук бирикменин мүчөлөрү биригип, жапайы жаныбарларга карата жүрүп жаткан аңчылыкты жоюу максатында рейд уюштуруп, эки учурга күбө болдук. Алардын баарын курал-жарактары жана атып алган жаныбарлары менен тиешелүү органдарга өткөрүп берип, административдин протоколдор толтурулду. Биздин мындай кадамга баруубузга экологияны коргоочу атайын кызматкерлердин жетишсиз болуусу себеп болду», — дейт Гүлжигит уулу.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош, Жалал-Абад регионалдык аралык башкармалыгынын Токтогул району боюнча башкы инспектору Болот Жапаровдун айтымында, район аймагында Кызыл китепке кирген сүт эмүүчүлөрдөн ак илбирс, аюу, мадыл, сүлөөсүн жана кирпи бар. Ал эми канаттуулардан бүркүт, ак кунас, ак куу, бүркүт, ителги, шумкар жана өрдөктүн түрлөрү байырлайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE