Пример HTML-страницы

Токмокто мектеп окуучусу сабалып, апасы милицияга кайрылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Токмок шаарында эки мектептин окуучулары арасында массалык мушташ орун алып, бир бала сыныктар бөлүмүнө жеткирилди. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти.

Окуя 2-мартка караган түнү болгон.

«№1 жана №5 орто мектебинин 9-классынын окуучулары болушу мүмкүн», — дешет күбөлөр.

Ал эми Токмок шаардык дарыгерлердин жалпы практикалоо борборунан билдиришкендей, 16 жаштагы Н.Б.К. аттуу бала сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатат.

«Ал ур-токмокко кабылган. Мээси чайкалып, жатын омурткасы сынган», — деп айтылат маалыматта.

Кийинчерээк Чүй ОИИБ басма сөз кызматы бул окуя боюнча билдирүү жасады.

«2008-жылы туулган Н.В. аттуу өспүрүм бала ооруканага дене жаракаты менен түшкөн. Ал боюнча анын апасы Ч.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Токмок шаардык ички иштер бөлүмүнө катталып, текшерүү иштери башталган.

Текшерүү иштерин жүргүзүү учурунда Токмок шаарынын Дунларов көчөсүндө 2008-жылы туулган Н.Б. аттуу жаш өспүрүм өзүнүн тааныштары менен уруша кеткени белгилүү болгон. Бул боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат. Эки мектептин балдары мушташкан эмес», — деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE