Пример HTML-страницы

Тогуз-Тородогу эки достун той алдындагы отурушу кандуу окуя менен коштолду

Акыркы жанылыктар

TurmushТогуз-Торо райондук соту Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүмүнүн 12-пункту (ден соолукка оор залал келтирүү) менен айыпталган Акбаштын (аты өзгөртүлдү, К.С.Ж.) кылмыш ишин карап, 2022-жылдын 4-августунда өкүм кабыл алды.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, айыпталуучу Акбаш 2021-жылдын 6-ноябрында болжол менен саат 23:30 чамасында үйүнүн дарбазасынын алдына токтотулган унаада достору менен спирт ичимдигин ичип отурган. Ошол маалда Байболсун (аты өзгөртүлдү, А.Ш.) менен айыпталуучунун ортосунда пикир келишпестик жаралып, Акбаш ага ич тарапка бир жолу бычак сайган. Анын кесепетинен Байболсун оор жаракат алган.

Соттук териштирүүдѳ айыпталуучу Акбаш күнѳѳсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2021-жылдын 6-ноябрында болжол менен саат 20:00 чамасында достору менен жолугуп, 2021-жылдын 7-ноябрында боло турган баласынын бешик тоюн алдын ала майрамдоону чечишкен. Бир бөтөлкө арак алып, 3 дос айыпталуучунун унаасында ичип отурушкан. Ошол маалда Акбаштын апасы телефон чалып: «Балаң ыйлап жатат, карап турасыңбы?» деп айтканда, айыпталуучу үйүнө кирип, баласын жука кийими менен сыртка көтөрүп чыккан. Андан кийин унаасында отурушту уланткан. Апасы: «Балага суук өткөрүп аласың, үйгө кир» деп айтканына болбой, бала менен отура берген. Апасы кайра үйдөн чыгып, айыпталуучудан баланы алам деп жатканда, унаанын эшигинин алдына буту тайып жыгылып кеткен. Айыпталуучу апасын тургузуп, үйгө киргизип жибергенден кийин, Байболсун: «Сен эмнеге апаңа мындай мамиле кылып жатасың?» деп айткан. Ошентип экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, уруш чыккан. Айыпталуучу белгилегендей, уруш кандай болгону эсинде жок. Досун дарылоого кеткен чыгымдарды жаап, Байболсун менен элдешкенин айтты.

Соттук териштирүүдө жабырлануучу Байболсундун айтымында, 2021-жылдын 6-ноябрда дос балдары менен кызынын бешик тоюн өткөрүү үчүн боз үй тигип, Акбаш менен жолугуп калган. Эртеси ал дагы баласына той өткөрөм дегендиктен, алдын ала майрамдап, спирт ичимдигин ичип отурушкан. Ошол маалда Акбаш баласын алып келип унаада отурган. Көп өтпөй анын апасы келип, небересин алам деп жатып жыгылып кеткен. Байболсун анын апасына болушуп, экөө урушуп кетишкен. Ошол учурда айыпталуучу ич тарабына учтуу буюм менен сайып жиберген.

Жабырлануучу досуна доосу жок экенин, чыгымдарды төлөп бергенин айтып, ага камакка байланышпаган жаза чектөөнү сурады.

Жыйынтыгында Акбашка 5 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл белгиленди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE