Пример HTML-страницы

Тоңдун тургуну Абай Тыналиев өзүнүн карагат бизнеси тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Сай айылынын 34 жаштагы тургуну Абай Тыналиев карагат өстүрүү менен алек. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

«Биз «капитан» сортундагы карагатты 20 жылдан бери өстүрүп келебиз. Карагаттын түшүмүн жана көчөтүн сатабыз. Түшүмүн унаа менен алыскы аймактарга жүктөгөндө эзилип кетпейт. Ысык-Көл жергесинде карагат 10-15-сентябрда бышат. Бир чоң түбү 20-30 килограммга чейин түшүм берет.

Былтыркы жылы карагаттын килограммы 280-400 сомдон сатылды. Көчөтүн тиккенде 1-2 жыл чөпкө алдырбай, жакшы карап койсо, көтөрүлүп өсүп кетет. Карагатты жердин нымдуулугуна жараша сугаруу керек. Чириген малдын кыгын жана минералдык жер семирткичтерди колдонобуз», — деди ал.

Каарманыбыз өлкөнүн башка аймактарынан да көчөттөрдү сатып алып кетишерин айтат.

«Негизи 20 сотых жерди ижарага алып, көчөт өстүрчүбүз. Быйылкы жылы андан азыраак жерге көчөт отургуздук. Нарын, Чүй облустарынан, Бишкек шаарынан жана Ысык-Көлдүн ар кайсы аймактарынан келип, көчөттөрдү алып кетишет. Былтыр көчөттүн баасы 150 сом болсо, быйыл 200 сомго чейин чыкты. Азыркы тапта «капитан» сортундагы карагатты 7 миң метр квадрат жерге өстүрүүдөбүз. Буюрса 1-2 жыл аралыгында 20 миң метр квадратка жеткирели деген пландар бар.

Учурда элет дыйкандары карагат тиккенге басым жасашууда. Мындан тышкары алма, өрүк, алмурут, кокон гилас бактары өсөт. Карагаттын көчөттөрү күз жана жаз мезгилдерине даяр болот», — деди ал.

Абай Тыналиев 3 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE