Пример HTML-страницы

Таластын Үрмарал өзөнүндө санак жүрүп, бир гана баш ак илбирс жашары белгилүү болду

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас облусунун Бакай-Ата районунун аймагындагы Үрмарал өзөнүндө жаныбарларга санак жүрдү. Бул тууралуу «Маунтаин Тур — Талас» ЖЧКсынын жетекчиси Батыркан Кутманалиев билдирди.

Маалым болгондой, 2023-жылдын акыркы айларында өткөн санакта Кара-Коюн жайлоосунун Үрмалар өзөнүндө 623 тоо эчки жана тоо теке, 8 кабан, 49 элик, 2 аюу, 6 аркар, 1 илбирс, 23 сүлөөсүн, 269 улар бар экени аныкталган.

Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Маунтаин Тур — Талас» ЖЧКсы 2015-жылдын 28-октябрында кайра каттоодон өткөн. Ишмердүүлүгү: аңчылык, жапайы жаныбарларды көбөйтүү жана бул тармакта кызмат көрсөтүү. Жетекчиси: Кутманалиев Батыркан Эргешбекович.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE