Пример HTML-страницы

Таластын Кара-Ой айылынын аталышын өзгөртүү сунушталып жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 16-май күнү Талас районунун Сасык-Булак айылындагы маданият үйүнүн алдында акын Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өтүп, эстелиги ачылды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.

«Айылыбыздан ааламга жол салган атабыздын жаркын элесине арналган айкели коюлуп, эл чогулуп Куран окутулду. Залкарды эскерип, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, кыргыз эл акыны Анатай Өмүрканов, акындын уул-кыздары, курдаштары, айыл эли келишти. Буйруса жергиликтүү бийлик тарабынан алдыда ушул жылга бир нече олуттуу иш-чараларды пландалып жатат. Байдылда Сарногоев атабызга арналган даректүү тасма тартылуусу пландалып жатат. Сасык-Булак айылындагы маданият үйүнө акындын аты ыйгарылган эле. Учурда өзү туулган Кара-Ой айылына ысымын ыйгаруу сунушталып жатат», — деди алар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE