Пример HTML-страницы

Таластагы мончонун жанында токтоп турган унаадан курал-жарак жана ок-дарылар табылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында мыйзамсыз сакталган курал алынды. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Талас шаарынын ​Турдалиев көчөсүндө жайгашкан «Ак-Жар» мончосунун жанындагы автоунаада мыйзамсыз ​курал-жарак бар деген​ билдирүү келип түшкөн.

Аталган билдирүү Талас ШИИБдин маалыматтарды эсепке алуу электрондук журналына ​ катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө «Фольксваген Венто» үлгүсүндөгү унаадан сайлуу ок атуучу курал жана ок-дарылар табылган.

Алдын ала текшерүү учурунда Талас шаарынын ​1986-жылы туулган М.У. сайлуу ок атуучу куралын жана 46 даана ок-дарыны өзү менен тең​ К. уулу А.га сатып жаткандыгы аныкталган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE