Пример HTML-страницы

Таласта муз тебүүгө барган үй-бүлөлүү мугалимдин «ызы-чуусу»

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районуна караштуу Арашан айылынын 55 жаштагы тургуну Бурулай Аильчиева 29 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Алма-Ата шаарындагы технологиялык техникумун аяктаган. Ал жакта 1984-жылдан 1988-жылга чейин окуган.

«Окууну бүткөн соң Ошко келип фабрикада контролер болуп иштедим. 1988-жылдан 1995-жылга чейин технолог болуп иштедим. Кийин Кыргыз мамлекеттик университетинде окудум. 1995-жылдан азыркы учурга чейин мугалимдик кесипти аркалап келем. Мугалимдик кесипке айылыбызда мугалимдердин аздыгынан келип калдым десем жаңылышпайм. Окуткан окуучуларымдын көптөрү олимпиада оюндарынан алдыңкы орундарды ээлеген учурлар көп болду. Алардан ар кандай кесиптин ээлери чыкты. Облустук, райондук, министрликтин ардак грамоталары менен сыйлангам. «Эл агартуунун отличниги» деген сыйлыкка ээ болдум.

Жумушубузда көп кызыктуу учурлар болот. 1996-1997-жылдары мектепте жергиликтүү бюджет болуп, айлык маянабызды 3 айда бир жолу алып, иштеп жүрчүбүз. Көптөр башка чет мамлекеттерге кетип, иштеп кетишкен учурлар көп болду. Базарда ундун баасы 170 сомдон болуп жатса, мен декретке чыгып, тиешелүү декреттик маянаны алдым. Анда маянаны 220 сомдон эсептеп, айлыктын ордуна ун, газета, китептерди берчү. Ошондо да талыкпай эмгектенип жаттык», — деди ал.

Каарманыбыз азыркы учурда Арашан орто мектебинде математика жана физика сабагынан мугалим болуп иштеп жатат. 5 жыл тарбия завучу, 2 жыл окуу завучу болуп иштеген.

«1990-жылкы окуучулардын класс жетекчиси элем. Аларды окугула деп эле айта берчүмүн. «Ч.Атматовдун чыгармаларынан окусаңар. Силердей кезинде кичинекей балдар бир айылды багуу үчүн талыкпай эмгектенишчү» деп эле айта берчүмүн. Ошондо бир окуучум «Эже алар согуш болгону үчүн иштеди да. Бизде согуш болбосо эмне кылалы. Согуш болсо биз деле багып коймокпуз. Бирок согуш болбой эле койсун» деп баарыбызды күлдүргөн эле.

Көп жылдар өтүп кетти, бир жолу кыш мезгилиндеги эс алуу күнүндө мектеп окуучулары менен бирге муз тебүүгө бардык. Ошол күнү бир кызыбызды бирөөлөр турмушка алып кетүүгө аракет кылып калышты. Мен болсо кетирбестин айласын ойлоп, алардын унаасына барып отуруп алып, түшпөй койгом. Анан баланын ата-энеси менен кайра кыздын ата-энесине келдик. Үйүмдө кичинекей балдарым муну угуп алып, атасына «апамды ала качып кетиптир» деп айтышыптыр (күлүп). Атасы болсо «картайганда аны ким алмак эле?» деп жооп бериптир. Ал учурда жаш эле болчумун. Ошону эстесек күлүп калабыз. Кийин ал окуучу кызым ошол балага баш кошту. Көп балалуу болуп, бактылуу жашап жатышат. Азыр жолдошу мени көрсө эле тамашалап калат», — деди ал.

Мугалим тасмага да тартылган.

«2015-жылдары окуучу кызым кинорежиссёр болуп, биздин айылда «Таштанды кыз» аттуу кино тарткан. Ал мага «сизди тартам, тартылып бериңиз» деп, анан кыздын апасынын ролун аткаргам. Эл «мугалимдер артист да болушу керек» деп айтып калышты эле», — деди ал.

Бурулай айым 2 кыз, 2 баланын апасы. Баары жогорку билимдүү.

«Жолдошум Мелисбек Кулназаров экөөбүздүн баш кошконубузга 35 жыл болду. 1988-жылдары фабрикада иштеп жүргөн кезимде кайын эжем менен бирге иштечүмүн. Кайын эжем менен курбу дагы элек. Инисин тааныштырып, 1989-жылы баш коштук. Жолдошум Томск айыл чарба техникумунда окуйт экен. Баш кошкондон кийин мени да ошол жакка алып кетти. 1 жыл Томскто эмерек чыгарган комбинатта иштедим. Андан кийин декретке чыгып кеттим. Жолдошум окуусун аяктаган соң айылга кайтып келдик. Ошол жылдардан бери айылдабыз», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE