Пример HTML-страницы

Таласта футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта футбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулар билдиришти.

«Бир жарым айдан бери өткөрүлүп жаткан Талас облусунун 15 жаш курактагы балдар арасында кичи футбол боюнча биринчилиги соңуна чыкты. Биринчиликке жалпы 18 команда катышып, 4 команда бейгелүү орундарга ээ болду. Мындан тышкары мыкты оюнчулар аныкталып, кызыктыруучу белектер, диплом, кубок, медалдар тапшырылды», — деди ал.

Олжолуу орунга ээ болгон командалар:

— 1-орун — «Ак-Дөбө» командасы;

— 2-орун — «Кум-Арык» командасы;

— 3-орун — «Кара-Суу» командасы;

— 4-орун — «Бака-Ата» командасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE