Пример HTML-страницы

Таласта чытырман токойдун ордуна Көк-Токой айылы негизделген

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас районунун Көк-Токой айылы 1929-жылы негизделген. Аймактык кабарчы элеттин таржымалын сураштырды.

Айыл аксакалдарынын айтымында, мурда Кырк-Казык айыл кеңешине караштуу болгон Көк-Токой айылы Акматбек Нуржанов атындагы колхоздун аймагында жайгашкан. Айыл турган жер көктөп турган чытырман токой болуп, аны жергиликтүү калк четинен кыйып, айылга айландырган. Мындан улам айыл Көк-Токой деп аталган. Айылдын ички көчөлөрү Талас дарыясынын жээгиндеги токойго барып такалат. Бул аймактарда кожогат, малина, бүлдүркөн өсөт. Район боюнча эң көп кулпунай аянттары ушул айылда жайгашкан. Дарыянын жээгинде козу карындар көп.

Мындан сырткары, айылды Талас-Арык деп да аташкан. Анткени Талас дарыясынан жасалма жол менен айылга дыйканчылык кылуу максатында канал казылып, суу тартылган.

Айыл Тараз—Талас—Суусамыр унаа жолунун боюнан орун алып, Маймак темир жол бекетинен 106 чакырым аралыкта жайгашкан. Элетте 450 түтүн эл жашап, орто мектеп, бала бакча, клуб, китепкана, күрөш залы, мечит, медициналык пункт бар. Калкынын негизги бөлүгү мал чарбасы жана дыйканчылык менен эмгектенишет.

Айылдан белгилүү комузчу Шекербек Шеркулов чыккан. Шекербек Шеркул уулу Кыргызстандагы 20-кылымдагы көрүнүктүү өнөрпоз, төкмө акын, ырчы, комузчулардын бири. Ал 1902-жылы июль айында Талас районуна караштуу Талас-Арык айылында, азыркы Көк-Токой айылынын аймагында дыйкандын, комузчунун үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 10 жашынан тартып колуна комуз алып, 17 жашында айылга комузчу, ырчы катары таанылган. Ошол мезгилде атасынын «Үч муунак», «Сен, сен дүйнө, сен дүйнө», Тойкожонун «Торгой сайрап таң атты», «Калча баатыр найза сал» күүлөрүн жана «Ак Зыйнат», «Май чач» деген ырларын, казак элинин «Кыз Жибек» чыгармасын аткарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE