Пример HTML-страницы

Таласта айыл өкмөт башчысы менен кошо кармалган ишкананын жетекчиси үй камагына чыгарылды

Акыркы жанылыктар

TurmushТаласта Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы менен кошо кармалган «Календер» ЖЧКнын жетекчиси И.М.А. үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-февралда Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, анын бөгөт коюу чарасы 8-февраль күнү Талас облустук сотунда каралган. Жыйынтыгында баш коргоо чарасы 23-мартка чейин үй камагына алмаштырылган.

Окуя тууралуу:

25-январда УКМК Талас районунун Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалганын кабарлаган.

Маалыматка караганда, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, өзү же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыктар үчүн жасалган жосун) боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында, Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын ишмердигинде жергиликтүү инфраструктураны жакшыртууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өздөштүрүү менен байланышкан коррупциялык схема аныкталган.

2021-жылы Талас районунун Бекмолдо айылында ички чарбалык жолдорду оңдоо жана асфальттоо иштерине 24 млн сомго тендер өткөрүлгөн. Тендерден кийин «Календер Курулуш» ЖЧКсы менен келишим түзүлүп, аталган подряддык уюмдун эсебине 5 млн 186 миң сом (биринчи транш) акча которулган. Андан кийин подрядчы тарабынан которулган каражаттардын толук өздөштүрүлгөнүн көрсөтүүчү аткарылган иштердин актысы берилген.

Мындан тышкары, «Календер курулуш» ЖЧКсы күйүүчү-майлоочу майларга жана башка материалдарга болгон баанын көтөрүлүшүнө таянып, негизги суммага кошумча төлөө зарылчылыгы боюнча талаптарды коюп, ишти убактылуу токтоткон. Ошол эле учурда жогорудагы аткарылган иштер стандартка жооп бербей, аткарылган иштин өздүк наркы бир топ жогорулаган.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С.С., «Календар курулуш» ЖЧК подряддык уюмунун жетекчиси И.М.А. жана техникалык көзөмөлдөөчү Д.К. менен кылмыштуу көмүскө бүтүмгө барып, жогорулатылган баада аткарылган иштердин актысына кол коюшканы аныкталган.

Жогорулатылган баанын ашыкча көлөмүн аныктоо жана тактоо максатында аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмүн №19 жол тейлөө мекемесинин, Талас райондук архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгынын, Капиталдык курулуш жана архитектура башкармалыгынын адистерин тартуу менен контролдук эсептөө жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында иш жүзүндө аткарылган иштердин көлөмү (шагыл төшөө, асбест суу түтүктөрүн монтаждоо жана пандустарды жана айланма жолдорду оңдоо) 1,5 млн сомдон ашпаганы аныкталды. Натыйжада жалпы суммасы 3,5 млн сомдон ашык зыян келтирилген.

Бул кылмыш иштин алкагында Бекмолдо айыл аймагынын башчысы Б.С.С. жана «Календар курулуш» ЖЧКнын директору И.М.А. кармалып Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

  • Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, «Календар курулуш» ЖЧКнын жетекчиси катары Изавеков Марленбек Акылбекович көрсөтүлгөн. Ишкана 2017-жылы 31-январда каттоодон өткөн. «Календар курулуш» ЖЧКсы имараттарды куруу менен алектенет.
  • Бекмолдо айыл аймагынын башчысы 2-февралда үй камагына чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE