Пример HTML-страницы

Таласка Белоруссиядан алынган комбайндар келе жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 20-сентябрда Белоруссиядан Таластагы «Маймак» станциясына «Палессе» үлгүсүндөгү алгачкы 3 комбайн жана 6 жатка келди. Бул тууралуу облус жетекчии Бакытбек Нарбеков билдирди.

Анын айтымында, 2 комбайн Казакстандын Жамбыл облусуна келип тийиштүү иш-чаралардан кийин «Маймак» станциясына жеткирилет. Дагы 3 комбайн темир жол аркылуу Белоруссиядан ташылып келүүдө.

Жыл башында элдик жыйындарда жалпысынан 8 комбайнга суроо-талап түшкөн. Бакытбек Нарбеков Лида шаарында жайгашкан «Лидагропроммаш» ААКга Талас облусунун дыйкандары үчүн 8 комбайн сатып алуу келишимин түзүү ниети менен барган. Бирок «Лидагропроммаш» ААКта жаңы комбайндардын баасы 120-150 миң АКШ долларын түзүп, каражат жетишсиз болгондуктан башка альтернативдүү жолдорду издөө зарылдыгы пайда болгон. Андыктан 20 жылдан бери КМШ өлкөлөрү боюнча экинчи рыноктогу комбайндарды сатуу менен алектенген «Беларусь» компаниясы менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн. Натыйжасында 2009-2010-жылы чыгарылган комбайндарды техникалык жаткан толук ремонттон өткөрүп, тийиштүү тетиктерин жаңылап берүү милдеттемелерин «Беларусь» компаниясы моюнга алып, Талас облусу үчүн 8 комбайн даярдап берди.

Комбайндар Талас облусуна толук келгенден кийин, атайын шаймандары менен бирдикте 8 айыл өкмөткө салтанаттуу тапшырылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE