Пример HTML-страницы

Талас шаарында мейманканалар текшерилип жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushКечээ, 25-декабрда Талас шаарында мейманканалар текшерилди. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милиционерлер Талас шаарында жайгашкан 10 ашуун мейманкананы жана 9 конок үйдү текшеришти. Бул иш-чаранын максаты коомдук коопсуздукту камсыздоо, кылмыштуулук менен күрөшүү жана интимдик кызмат көрсөткөн жерлерди аныктоо болуп саналат. Анын жүрүшүндө мейманканалардын ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аймактык тескөөчүлөр тарабынан визиттик карталар таратылып, андан соң кароосуз калган имараттар жана жер төлөөлөр текшерилип, Талас шаарынын борбордук көчөлөрүндө юридикалык кеңештер берилип жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын соңунда жарандарга кандай кырдаал жаралбасын 102 кызматына кабарласа болору эскертилди. Аталган иш-чара облустун бардык аймактарында уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE