Пример HTML-страницы

Талас шаарында кымыз сезону башталды. Ууз кымыз канча сомдон сатылып жатат?

Акыркы жанылыктар

TurmushТалас шаарында кымыздын литри 140-150 сомдон сатылып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү сатуучулардын айтымында, быйыл кымыздын сезону былтыркы жылга салыштырмалуу кеч башталган.

«Жылда апрель айынын ортосунан тарта Талас шаарынын базарынын жанында кымыз сатыла баштачу. Быйыл малчылар аба ырайына карап желени кеч байлаштыбы, айтор кымыз 10-майдан баштап сатыкка чыкты. Ушул тапта карыялардан баштап жаштарга чейин ууз кымыз деп, улуттук суусундукту кылкылдатып ичип жатышат. Кымыздын 1 литри 140-150 сомдон сатылып жатат. Кымызды күн сайын тиешелүү кызматтар текшерип жатышат», — деп билдиришти сатуучулар.

Ууз кымыз — жаңы тууган бээнин узунан ачытылган коюу кымыз. Кээде аны май кымыз деп да аташат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE