Пример HTML-страницы

Таланып-тонолуп, өрттөлгөн Интернационал айылы (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Лейлек айылындагы Интернационал айылы — Тажикстан менен чектешкен айылдардын бири. Айыл Тажикстандын куралдуу кол салуусунун кесепетинен талкаланды.

Бул калктуу конуш Кулунду айыл аймагынын курамына кирет. Тажикстандын аскерлери айылды басып алган. Куралдуу кол салуудан кийин жарандык объекттер өрттөлүп, кичи автобус күлгө айланган.

Базардын аймагы өрттөлүп, өрт айыл тажик аскерлеринен бошотулгандан кийин гана өчүрүлдү. Кулунду айыл аймагынын тургундары бул базарга тамак-аш, үйгө керектүү буюмдарды сатып алуу үчүн келишчү.

16-сентябрда эртең менен соодагерлер кадимкидей эле базарга келишкен. Саат 07:00 чамасында тажик тараптан ок атуу башталып, гранатомет колдонулган.

Интернационал 2021-жылдын апрель-май айларынын башындагы куралдуу жаңжалда да жабыркаган. Ал учурда айыл башчы барымтага алынган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен айыл башчы жана башка кыргызстандыктар мекенине кайтарылган.

———————————-

Акыркы маалыматтар боюнча, чек арадагы куралдуу кол салууда каза болгондордун саны 59 адамга жетти, алардын арасында жаш балдар да бар. Жабыркагандардын жалпы саны — 180ден ашык адам. Алардын көпчүлүгү Бишкек, Ош шаарындагы ооруканаларга жеткирилди.

Каза болгон жарандардын алдын ала тизмеси бул шилтемеде.

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында Тажикстан тараптан ок атылып баштаган. 17-сентябрга чейин абал чыңалган деп бааланды. Тажик тарап чек ара тилкелеринде ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашууларга карабай, ок атууну токтоткон эмес.

Баткен облусунда 136 миң 770 адам үйлөрүн таштап, коопсуз аймактарга эвакуация болууга мажбур болушту.

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарап оор техникаларды — танк, «БТР», «БМП» жана минометторду колдонгонун билдирген.

«Кыргызстандын аймагына болгон куралдуу кол салууга сакалчан, кайсы бир аскердик бөлүккө таандык белгиси жок, кара түстөгү аскердик кийим кийген, сыртынан эл аралык террористтик уюмдардын мүчөсүндөй (жалданма жан кечти) көрүнгөн эркек кишилер аралашты», — деп айтылган УКМКнын маалыматында.

Тажикстан Баткен облусуна гана эмес, Ош облусуна да кол салды.

18-сентябрда гана абал турукташты.

Куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунун инфратүзүмү талкаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE