Пример HTML-страницы

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн Мамыров көчөсүндөгү мыйзамсыз курулуштар сүрдүрүлөт

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарынын аймагына жакын жайгашкан Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган А.Мамыров көчөсүндөгү 32 мыйзамсыз курулган соода күркөлөрү жана тейлөө жайлары сүрдүрүлөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, облус башчысы Кара-Суу районундагы тиешелүү адистер менен биргеликте Мамыров көчөсүндөгү курулуштарды көрүп чыгып, мыйзамсыз иш алып барып жаткан күркөлөрдү сүрдүрүп, көчөнүн жээктеринде жашылдандыруу иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

А.Мамыров көчөсүнүн Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караган бөлүгүндөгү соода күркөлөрүнө курулуш жүргүзүүгө жана коммерциялык багытта пайдаланууга уруксат берилген эмес.

Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн маалыматына ылайык, убактылуу пайдаланып туруу үчүн уруксат кагаздар жашылдандыруу жумуштарын жүргүзүүгө берилген. Буга чейин аталган соода күркөлөрүнүн ээлерине эскертүү кагаздары берилген. Мындан ары атайын комиссия түзүлүп, келишимди бир тараптуу токтотуу каралууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE