Пример HTML-страницы

Түркияга велосипед менен кеткен 75 жаштагы М.Таштанов жолдон күтүлбөгөн окуяларга туш болду

Акыркы жанылыктар

Turmush75 жаштагы Мамыт Таштанов 5-август күнү Ош шаарынын борбордук аянтынан Түркияда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына велосипеди менен чыгып кеткен. Ал өз планында Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Грузия, Түркмөнистан, Армения өлкөлөрүн велосипед менен кесип өтүп, Түркияга жете турган болгон.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына барып, кайра Ош шаарына кайткан Мамыт Таштанов менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек куруп, саякаттын машакаттарын укту.

«Эки ай дегенде Түркияга жеттим. Кээ бир нерселер менин планымдай болбой, кыйналган учурлар болду. Кээде мен күтпөгөн жакшы окуялар болуп жатты. Мисалы, Өзбекстан менен Казакстандын чөлдөрүндө кыйналдым. Кузгун жок, тасмадагыдай чөлдөрү бар экен. Кеч калсаң, чөөлөр чыгат экен. Менде жакшы курал бар болчу. Ар бир өлкөдөгү биздин элчилер тосуп алып, маселемди чечип берип жатышты. Каспий деңизи аркылуу Азербейжанга өтөм деген планым бар эле. Бирок учурда аларда да согуш болуп жатканына байланыштуу кеме менен уруксат берилбей, 2 күн портто жаттым. Андан соң учак менен учууга туура келди. Бакуга кондум, бирок аэропорттон «сиз тизмеде жок экенсиз, кайра артка кайтасыз» деп бир сутка кармашты. Мен кайра кайтпай турганымды айтып, элчиге кайрылып, элчи келип чыгарып кетти. Андан соң Грузияга да учууга туура келди. Велосипедим Азербейжанда калды, артымдан ороп анан жиберебиз дешти. Грузияга барсам, элчибиз адамдарды топтоп, гүл менен тосуп алды. 75 жашка чыгып, мени биринчи жолу ушундай күтүп алышты. Велосипедди күтүп, 4 күн жатууга туура келди. Аябай кымбат мейманканага алып барып, 2 күндүк акчамды төлөптүр. Андан кийинки акчасын төлөөгө кыйналып, ошол жердеги бир кыргыз жигиттен жардам сурадым. Ал 300 долларды төлөп койду. Себеби, учакка өзүмдүн жанымдан билет алып жатып кыйналып калдым. Грузияда 100дөй кыргызстандыктар конок кылышып, «Кыргызстан—Берлин веложүрүшүн жасайбыз» деген пландарын айтышты. Грузиядан Түркияга бардым. Ал жактан Султан Раев тосуп алды. Бирок Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мен ойлогондой, Кыргызстандагыдай деңгээлде болгон жок. Кыргызстанга кайра билет алып узатышты», — деди Мамыт Таштанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE