Пример HTML-страницы

Түптө тоңуп калган Долон көлүнүн үстүндө облустун хоккей боюнча курама командасы машыгууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Долон айылындагы мектеп окуучулар спорттун хоккей түрү боюнча машыгууда. Бул тууралу «Долон» хоккей курама командасынын машыктыруучусу Эдил Исаков билдирди

Анын айтымында, алдыда Нарын облусунда өлкө боюнча хоккей мелдеши уюштурулат.

«Долон айылынын жаштары, тактап айтканда мектеп окуучулар спорттун хоккей түрү боюнча ар дайым машыгып келишет. Азыркы тапта муз үстүндө 15 бала ойноп жатат. Албетте, облустун атынан жалгыз команда болгондуктан спортчуларды колдоо мезгилдин талабы. Бизде негизги көйгөй — хоккейге керектүү форманын жетишсиздиги болууда. Эгерде балдардын формасын колдогон демөөрчүлөр болсо, келечек муундарга чоң колдоо болот эле», — дейт Э.Исаков.

Табигый музга айланган Долон көлүнүн аянты 108 гектарды ээлейт. Учурда муздун калыңдыгы 50-60 сантиметрге тоңгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE