Пример HTML-страницы

Түптө мамлекеттик кызматкерлер үчүн ар бири 30 миң долларга бааланган турак үйлөр курулууда (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу У.Мамбеталиев жаңы конушунда мамлекеттик кызматкерлер үчүн турак үй курула баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Прораб Кенжебек Айманбетовдун айтымында, ар бири 106 метр квадратты түзүп, жеңил конструкция менен евростилге ылайыкташтырылган. Жеңил конструкция менен курулуп жаткан үй ысыкка жана суукка туруштук берет. Курулушта ашкана, жуунучу бөлмө жана уктоочу 3 бөлмө ошондой эле терасса камтылат.

Бул иш-аракет демөөрчүлөрдүн жардамы менен жүзөгө ашып жатканын Түп районунун акими Каныбек Адиев ырастады.

«Мамлекет башчынын тапшырмасына ылайык, азыркы тапта мамлекеттик кызматкерлер арасында ротация жүрүп жатат. Биздин аймакка прокуратурадан, сот бийлигинен жана башка мекемелерден кызматкерлер которулуп келүүдө. Ушунан улам жаңы конушка кызматтык үй кура баштадык. Ар бир турак жай 30 миң долларга бааланат. Ага толугу менен демөөрчүлөр колдоо көрсөтүп жатышат. Келечекте медицина кызматкерлерге да шарт түзүп берүүбүз зарыл. 2023-жылдын планына ылайык, буга кошумча 5 кабаттуу 2 турак жай салууну пландап жатабыз», — деди аким.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE