Пример HTML-страницы

Түптүк Мунара Италиядагы жумушу тууралуу айтып берди

Акыркы жанылыктар

Turmush«Мекендештер» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Михайловка айылынын 36 жаштагы тургуну Мунара Токтосунова. Аны менен Turmush басылмасынын кабарчысы маек курду.

«Азыркы тапта Италиянын Сардиния аралындагы Кальяри деген шаарындамын. Бул жер Италиядан өзүнчө жайгашкан арал. Учурда Лоцарай деген айылда 86 жаштагы апаны карап иштейм.

Күнүмдүк жумушум боюнча айта кетсем, апам (италиялык кемпир) экөөбүз эртең менен эрте ойгонобуз. Учурда күндүн ысыгы 37 градуска чейин жеткендиктен, апамды дээрлик күндө жуунтууга туура келет. Анан таза кийимдерин кийгизип, чачын тарайм. Тамакка чейин дарыларын ичүүсү керек. Ошолордун баарын берип, экөөбүз тамактанууга ашкана бөлмөсүнө жөнөйбүз. Бир нече сааттардан кийин түшкү тамагын берем, өзүм билген эле тамактарды жасай берем. Үйдө экөөбүз эле жашайбыз, башка эч ким жок. Үйдүн тазалыгы жана апамдын саламаттыгы менин мойнумда. Жумуштардын баарын ыңгайына карап бөлүштүрүп алам. Эшик салкындаганда, апам экөөбүз чоң бакчасына сейилдөөгө чыгабыз. Кир жууп, жайып жатканда апамды жаныма отургузуп алам. Үй жыйнап жатканда «мага жардам бер» деп, шыпыргыны ага карматып коём. Ал мени менен чогуу иш кылганды жакшы көрөт. Кыргызча айтканда, бир үй-бүлөгө жаңы келин болуп келгендей эле шарттарына көнүп жашап келе жатам», — деди ал.

Анын айтымында, айлык маянанын көлөмү шаардын кайсы бөлүгүндө жайгашканына байланыштуу.

«Жолдошум менен эки айрым жолго түшкөнбүз. Жалгыз бой энемин, эки кызым чоңоюп келе жатат. Мен жогоруда айтып кеткендей, улгайган апаны карап иштейм. Бул жерде мага окшоп иштеген кыргыз аялдар көп. Көбүнчө Ысык-Көлдүн тегерегинен келишет.

Италияда айлык маяна шаардын кайсы бөлүгүндө болсоң, ошого жараша. Мисалы, Неаполдо айлык 650-700-800 евродон башталат. Ал эми мен жашаган Сардинияда айлык маяна 900дөн 1500 еврого чейин. Бизде курс 94.20 болуп жатат, орто эсеп менен 1000 евро 94 миң сомду түзөт. Мындан тышкары, эс алуу күнү иштейм десең, ага өзүнчө төлөнүп берилет. Бул жакта биз чогуу жатып, иштеген үчүн жатаканага жана тамак-ашка акча кетпейт. Бизге айына 250-300 евро өзүнчө тамак-ашка бөлүнөт. Аны үйдүн кожоюндары өздөрү алып келип турушат. Менин дем алыш күнүм көл жээгинде өтөт. Эс алуу күндөрү ар кайсы жактарды кыдырып, кооз жерлерди көрүп келем», — деди ал.

Каарманыбыз Италия өлкөсү боюнча кысчкача кеп козгоду.

«Туристтик виза менен турист катары эки тарапка учакка билет алгам. Келгенден кийин бул жерге калып калдым. Италияга келгениме 2 күн болгондо, Неаполь шаарына барып калдым. Ошол күнү Неаполдун футбол командасы биринчиликти алган экен. Мен билбегеним үчүн футбол күйөөрмандарына аралашып кетим. Италиянын көчөлөрү абдан таар. Алар менен чогуу өйдөнү көздөй кете берип, аягында футболчу Диего Армандо Марадонанын музейине барып калгам. Ал жерде анын кубоктору, сүрөттөрү бар экен. Ал жер мага кызыктуу тарыхый жер болуп калды. Бир четинен таң калычтуу, ошол күн эсимден эч кетпейт.

Тегерек чети деңиз менен курчалган, тоолордо айылдар жайгашкан. Мында да айыл чарба, дыйканчылык менен алектенишет. Бардык жер-жемиш, жашылчалардын түрлөрү өсөт. Италия Европанын бөлүгүндө жайгашкандыктан, эли абдан жөнөкөй. Чет өлкөдөн келгендерди ак жана карга бөлүшпөй, жардам сурасаң, колдон келишинче көмөк көрсөтүшөт. Менин оюмча Италия өнүккөн мамлекеттердин катарына кирет. Бул жакта мыйзам иштейт, ар бир адамдын укугу каралат жана корголот», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE