Пример HTML-страницы

Сузактагы жаштар 6 балалуу үй-бүлөгө заманбап үй салып беришти (сүрөт)

Акыркы жанылыктар

TurmushСузак районунун Сафаровка айылында жашоо шарты оор 6 балалуу үй-бүлөгө жаштар 3 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу демилгечилердин бири Элдос Таев билдирди.

Анын айтымында, үйдүн курулушу сентябрь айында башталган.

«Айылдашыбыз Эркин аке мындан 5 жыл мурда инсульт алып, бир жак колу, буту кыймылга келбей, акыркы жылдары тилден карып, сүйлөй албай калган. Анын 6 баласы болгондуктан айыл жаштары бул үй-бүлөгө азык-түлүктөн кол кабыш кылып турчубуз. Быйыл жашоо шартын көрсөк, балдары менен 1 бөлмөлүү үйдө гана күн кечиришет экен. Үйдүн да эскилиги жеткендиктен дубалдары көчүп жашоого ыңгайсыз экен. Алгач демилгечи топ ошол үйдү гана оңдоп берсек дегенбиз. Бирок кайрадан короонун четине жаңы, бардык шарты бар үй курууну туура көрдүк.

Ошентип курулуш иштери 10-сентябрь күнү башталды. Ага жаштар келип, кол кабыш кылып, айрымдары акчалай, кээ бири курулуш материалдарын алып беришти. Ошентип 10-ноябрда курулуш иштери толугу менен аяктады. Азыр заманбап, 3 бөлмөлүү үй, санузели менен бүтүп, ичине бардык тиричилик техникаларын орнотуп бердик. Бүгүн айыл элин чакырып, бата алып, той өткөрүп жатабыз. Жаңы үйлүү болуп жаткан агабыздын кубанычында чек жок. Курушка жалпы 1,5 млн сом акча жумшалды. Бүгүнкү күнү биздин колубузда курулуштан арткан бир аз акча бар. Ал каражатка агабыздын саламаттыгын текшертип, бир үй-бүлөнүн атасын кайра бутуна тургузалы деген максатыбыз бар», — деди ал.

Ал эми үйдүн кожейкеси Динара Эшимбетова дагы деле үйлүү болгонуна ишене албай турганын айтты.

«Жолдошум катуу ооруп калгандыктан үй-жайыбызды оңдоого мүмкүнчүлүк болгон жок. Өзүм кичине иштеп каражат таап келип, балдарды багып, акча ашыра албай калдык. Бирок жаңы үй курабыз деп ниеттенип фундамент куюга таш топтоп койгон болчумун. Айлам кетип, айылдагы активдүү жаштарга кайрылууга туура келди. Алар да колдоп, бүгүн үйлүү болуп отурабыз. Үйүбүздүн бардык шарттары бар. Мен курулуп жаткан үйүбүз мынчалык болот деп таптакыр ойлогон эмес элем. Бизге колдоо көрсөткөн бардык адамдарга ыраазымын», — деди ал.

Сөз болуп жаткан Сафаровка айылында активдүү жаштардын «Жаңы күч» кыймылы бар. Алар 10 жылдан бери айылдагы социалдык маселелерди чечүүгө жардам берип келишет. Активисттер акыркы жылдары 6 млн сомдук жумуштарды аткарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE