Пример HTML-страницы

Сузактагы ата-энелер балдары үчүн тынчсызданууда

Акыркы жанылыктар

TurmushЖалал-Абад облусунун Сузак районундагы чоң жолдо жөө адамдардын өтмөгүнүн жоктугу тургундардын нааразычылыгын жаратып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, райондун Ырыс айыл аймагына караган Күмүш-Азиз айылынын жашоочуларынын балдары район менен облус борборун байланыштырып турган чоң жолду кесип өтүп, мектепке барышыт. Айрым учурда катуу ылдамдыкта келе жаткан айдоочу жол белгисине маани бербей, окуучуларды сүзүп кеткен учурлар болгонун айыл тургундары айтышты.

«Менин балдарым айылдагы №15 Мубарак Жусупова атындагы мектепте билим алышат. Айылда менин балдарым сыяктуу 800гө жакын бала дал ушул Сузак—Жалал-Абад унаа жолун аралап, мектепке барышат. Акыркы учурда жолдо унаалардын кыймылы көбөйүп, балдар жолду кесип өтүүдө кыйынчылык жаралууда. Сөз болуп жаткан жолдо жол белгиси, а түгүл айдоочуга эскертүү белгисинен бери бар. Бирок айдоочулар унаасы менен окуучуларды сүзүп кеткен бир нече учур катталды. Бактыга жараша каргашалуу окуя боло элек. Анын баарын көрүп-билип туруп, балдарды мектепке жиберүү ата-энелер үчүн тынчсызданууну пайда кылат. Ошондуктан ушул жолдун жөө адамдар өтчү жерине белги сызып, атайын жөө адамдар үчүн жол чырак орнотуп беришсе абдан жакшы болмок. Буга чейин бул маселени көтөрүп, айыл өкмөт башчысына чейин барганбыз. Бирок каражат жетишсиз экенин угуп кайтканбыз», — деди айыл тургуну Өткүрбек Тургунбаев.

1800дөй бала билим алган №15 Мубарак Жусупова атындагы мектептин директору Калипа Керимбекова буга чейин балдарды унаа коюп кеткен учурлар катталганын, мындай көрүнүш ата-энелерди эле эмес, мугалимдерди да түйшөлтүп жатканын билдирди.

«Быйыл салттуу окутуу башталып, балдар билимди мектептен гана алып жатышат. Мурдагы жылдары унаалардын көптүгү байкалчу эмес. Быйыл өзгөчө байкалып жатат. Себеби райондогу мекеме-ишканалардын баары Сузак айыл аймагында жайгашкандыктан район эли ушул жакка келишет. Мындан улам айрым айдоочулар жол белгисин байкабай калып, окуучулар кырсыкка кабылууда. Чоң жолду кесип өткөн жерде жол белгиси бар болгону менен жөө адамдар өтүүчү чийиндин сапаты начарлап, өчүп калган. Бул маселени көтөрүп, айыл эли айыл өкмөт башчыга чейин кайрылышты. Бирок жыйынтык болгон жок. Бул маселеге олуттуу көңүл буруу зарыл», — деди ал.

Ал эми Ырыс айыл аймагынын башчысы Таалайбек Халилов бул маселе боюнча маалыматы жок экенин айтып, унаа жолдун жээгине жол чырак орнотуу туура эмес экенин айтты.

«Ачыгын айтсам, бул маселе боюнча мага эч ким кайрылган жок. Чындыгында ал жол район калкын облус борборуна байланышырып турган чоң жол. Ал жерге 4-5 жыл мурун атайын жасалма дөңсөөлөрдү курдурганбыз. Бирок жол чийини өчүп жана мектеп окуучуларын унаа коюп кеткени тууралуу маалыматым жок. Ал жерге жол чырак коюу туура эмес», — деди айыл өкмөт башчы.

  • Жалал-Абад облусунда 2022-жылы 3 айдын ичинде 128 жол кырсыгы катталып, 19 адам каза таап, 213 адам жаракат алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE