Пример HTML-страницы

Союз учурунда сатуучу болуп иштеген С.Султанкулова ошол кездеги соода тармагын эске салды

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Ата районуна караштуу Интернационал айылынын 75 жаштагы тургуну Сайрабүбү Султанкулова союз кезинде көп жыл сатуучу болуп иштеген.

Каарманыбыз Жумгал районунун Байзак айылында 1949-жылы 7-июнда төрөлгөн. 1966-жылы Кайырма орто мектебин аяктап, 2 жыл Кара-Балта шаарындагы техникумдан билим алган. Андан соң И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде окуган.

«Ошол жылдары атам өтүп кеткенине байланыштуу турмуш шартыбыз оор болду. Университетте кечкисин окуп, күндүз дүкөндөрдүн биринде сатуучу болуп иштедим. Жолдошум Казис Турсалиев Айыл чарба институтун бүттү. Экөөбүз 1970-жылы баш коштук. Көп жыл Кочкор районундагы Ормон хан айылында жашадык. Абышкам агроном, мен башкы сатуучу болдум. Экөөбүз 5 кыз, 3 уулду болдук (эки уулум өтүп кетти). Абышкам 1938-жылы туулган. Тилекке каршы 3 жыл мурун өтүп кетти», — деди ал.

Каарманыбыз, союз кезиндеги дүкөнчүлөргө болгон катуу талап, союздун акыркы мезгили менен эгемен жылдын башталышындагы кыйынчылыктар тууралуу да айтып берди.

«Ошол союз убагында тартип катуу болчу. Бир тыйын үчүн жооп берчүбүз. Районго алып барып, жыйынга салышчу. Дүкөндү өз убагында ачып, өз убагында жапчубуз. Андропов деген ажоонун убагында иштедик. Азыркыдай шарт жок. Сууну баканга куюп, ийинге көтөрүп ташымай. Аны ысытып алып, колго кир жуучубуз. Үйгө от жагып, жети баланы жуунтуп, окууга жиберип, сабактарын окутуп, көзөмөлдөчүмүн. Азыр башка заман. Балдар жалкоо болду. Жалаң эле интернет менен алек болуп, сабак окубай калышты. Биздин убакта шарт кыйын болсо да, эч кандай ажырашуу деген болчу эмес. Оюбузга да келчү эмес. Турмуш болгон соң, үй-бүлөдө өйдө-ылдый болчу. Бирок, анын баарын көтөрө билчүбүз. Азыркы убакта тилекке каршы ажырашуулар көп болуп жатат. Жаштар чыдабай, бирин-бири көтөрө билгенди билбей жатышат. Талап илгеркидей катуу коюлбай жатат. Мектепке ыйман, таалим сабактарын киргизсе дейм.

Союз бүтөрдө базарда он жыл соода кылдым. Эгемен жаңы келгенде, элдер бир топ жүдөп, тамак-аш жетишпей, кыйналган мезгил болду. Көчөнүн баары базар жана башаламан болуп кеткен. Колхоздун малын таратканда анын баасы жоголгон. Бир козуга бир самын келчү. Эмне деген завод-фабрикаларды тоношту», — деди ал.

Сайрабүбү апа 17 жашынан 73 жашына чейин ар кыл тармакта эмгектенгенин айтат.

«Дүкөн башчысы, бала бакча башчысы болуп иштедим. Дин багытында дагы иш жүргүздүм. Дарыгерлер менен балдарды сүннөткө отургузуу иш-чарасын көп жыл өткөрүп жүрдүк.

Учурда дачабызда тоок багам. 5 маал намаз окуйм. Меккеге барып келдим.

Неберелеримди окутуп, жакшы тарбия берүүгө көмөктөшсөм дейм. Улуу неберем 30 жашта, экономика тармагында билим алып, Түркияда иштеп жатат. Андан кийинки неберем 26 жашка чыкты, архитектура, дизайнер кесиптери менен иштеп жатат. Андан кийинки неберем Манас Университетинде быйыл 5-курста окуйт. Дагы бир неберем Дене тарбия жана спорт академиясында окуйт», — деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE