Пример HTML-страницы

Союз мезгилинде кыргыз айылда 400 гектар жерге жүзүм өстүрүлүп, шарап жасалган

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусунун Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Чоң-Талаа айылынын 60 жаштагы тургуну Асан Жороев саперави жүзүмүнөн шарап жасайт. Ал шарап жасоонун сырларын өзү жашаган айылдагы вино заводдо иштеп жүргөндө үйрөнгөн. Каарманыбыз гектарлаган жүзүм чарбанын азыркы абалы жөнүндө баяндап берди.

Асан Жороев 30 жылдан бери Чоң-Талаа айылында жашайт. Өлкөдөгү жумушсуздуктун айынын жаштардын көбү чет жактарга иш издеп, мигрант болуп кеткенин айтат. Бул айыл Тажикстан менен чектеш болгондуктан кооптонуп, үй-жайын таштап, борборго көчүп кеткендер да жок эмес.

«Мында 400 түтүн бар. 1700дөй адам жашайт. Бул айылда жумушсуздуктун айынан ички, тышкы миграция күч алган. Айылдын көпчүлүк жаштары Россия жана башка чет өлкөлөргө жумуш издеп кетишкен. Үй-жайын таштап, айылдан биротоло көчүп кеткендер да четтен чыгат», — деди ал.

Анын айтымында, 1974-жылы Чоң-Талаа айылындагы бош жаткан 400 гектардан ашык жерге жүзүмдүн эң жогорку сорттору өстүрүлгөн. Айылга вино завод, шербет жасалуучу цех курулган. Ошол кезде ал эмгектенген заводдо жүзүмдөн даярдалган чийки заттар (сырьё) Кыргыз ССРнын аймагынан СССРдин курамындагы башка мамлекеттерге жеткирилип турган. Бул аймак ал учурда эң бай совхоздордун бири болгон.

«Биздин Чоң-Талаа айылы 1972-жылы негизделген. Мурда совхоз болуп турган. Ал учурда бул өрөөн бош талаа болгон. Кийин жүзүм тигилип, 1974-жылы жүзүм чарба болуп уюшулган. Биз Фрунзе совхозунан бөлүнүп, Төрт-Көл жүзүм чарба совхозу, Совет Кыргызстан деп уюшулуп, экиге бөлүнгөн. Ал учурда мектепте окуйт элек. 401 гектар жерде жүзүм болгон. Ал убакта Кыргызстанда бизде гана вино завод бар болчу. 2 миң тоннага чейин жүзүм алат элек. Союз бузулуп, өзүнчө болгондон кийин, үлүш болуп бөлүнгөн.

Төрт-Көл айыл өкмөтүндө беш айыл бар. Чоң-Талаа, Чоң-Кара, Ак-Турпак, Зар-Таш болуп үлүшкө бөлүнүп кеткен. Ошол убакта кыйынчылык болгон. Бизде негизги шарап жасай турган техникалык жүзүм деп коет. Техникалык жүзүм болгонуна байланыштуу базарга алып барсаң өтпөйт. Ошондуктан жүзүмдөр каралбай, бүт жок болуп кетти. Азыркы күндө айыл өкмөттүн балансындагы 76 гектар гана жерде жүзүм бар. Андан башка 100 гектар жерде жүзүм өстүрүлөт. Анын ичинде Ак-Турпакта туугандарымдын 5 гектар жердеги жүзүмүн карайм. Ал учурда завод жакшы иштеп, шарап чыгарып, Фрунзе (азыркы Бишкек), Россияга чейин жөнөтүлгөн», — деди ал.

Макаланы толук окуу үчүн Turmush басылмасына катталыңыз.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE