Пример HTML-страницы

Сокулукта футбол аянтчасын саркынды суу, айылды сасык жыт каптады. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Сокулук районуна караштуу Фрунзе айылында саркынды суу футбол аянтчаны дагы деле каптап жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургундар билдиришти.

«Футбол аянтчага мектептин окуучулары жана футбол ийриминин балдары барышат. Алар ушул сасыган жытта ойношот. Сасыган жыт айылды каптап жатат. Жыт борбордук саркынды суу түтүккө кошулган жеке турак үйлөргө чейин кирип жатат. Мындан тышкары акыр-чикирлер жер-суунун баарын каптап жатат.

Бул жер айыл өкмөттүн имаратынын жанында жайгашкан. Биз айыл өкмөткө кайрылганбыз. Бирок, эч жыйынтык жок», — деди тургундар.

Буга чейин да бул маселе көтөрүлгөн. Ал эми Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынан 1-2 күндүн ичинде чечилерин билдиришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE