Пример HTML-страницы

Сүрөт — Чүйдө жеңил унаа бакты сүзүп, 2 адамдын өмүрү кыйылды

Акыркы жанылыктар

TurmushЧүй облусунун Жайыл районуна караштуу Федоровка айылына жакын жерде жол кырсыктан каза болгон 2 эркек кишинин жана жаракат алган аялдын өздүгү белгилүү болду.

«Turmush» басылмасынын кабарчысы билдиргендей, көз жумган адамдар жана жаракат алган аял Жайыл районунун Алтын айылынын тургундары. Алар:

— 1985-жылы туулган С.Р.,

— 1975-жылы туулган Б.И.,

— 1997-жылы туулган О.А. (аял киши).

О.А. Жайыл райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө жеткирилди.

Кырсык бүгүн, 9-октябрда саат 16:00 чамасында болгон.

Болжол менен «Hyundai Sonata» унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай калган. Унаа жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Анын ичинде 3 адам бар болчу.

Унаанын ичиндеги адамдарды сыртка чыгаруу үчүн куткаруучулар чакырылган.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана 1 жүргүнчү (эркек кишилер) каза болду. Унаанын артында отурган аял киши оор абалда болчу. Аны тез жардам кызматкерлери алып кетишкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE