Пример HTML-страницы

Сүлүктү шаарына жаңы мэр келди

Акыркы жанылыктар

TurmushБаткен облусундагы Сүлүктү шаарынын мэри болуп Болот Абдыжапаров дайындалды. Аны жамаатка 7-мартта президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков тааныштырды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-мартта кол койгонун Б.Абдыжапаров Turmush басылмасына билдирди.

Буга чейин Б.Абдыжапаров Ата-Башы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акимдин орун басары кызматын аркалап келген.

Ал эми Сүлүктү шаарын Максат Кадыркулов жетектеп турган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE