Пример HTML-страницы

Президенттин кичи мекениндеги мектепте окуучу кыздарга форма, фартук кийүү милдеттендирилди

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Сан-Таш айыл өкмөтүндөгү беш мектепте биринчи коңгуроо аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка караганда, президент Садыр Жапаровдун кичи мекени болгон Кең-Суу айылынын Т.Сыдыкбеков атындагы жалпы билим берүү мектебинин окуучулары бирдиктүү формага өттү.

Аталган билим берүү мекемесинин директору Айгүл Керимкулованын айтымында, 2022-2023-окуу жылынан баштап окуучу кыздар форма, фартук кийишет. Ал эми эркек балдар ак көйнөк, кара костюм жана шым кийишет.

«Биздин мектепте быйылкы окуу жылдын башталышы менен жалпы 485 окуучу жана 38 мугалим ишке кирди. Ал арада 480 сааттык «Наристе» программасы менен эки тайпа 20 баладан 40 бала болду. Ошондой эле мектепке орус тили жана орус адабияты, информатика сабагынан эки жаш мугалимди кабыл алдык. Мугалимдер жетиштүү.

Быйыл мектептин астында курулуш жүрүп жаткандыгына байланыштуу кичи футбол аянтчада иш-чара болду. Мектепке мугалимдер чыгармачылык менен иштөө үчүн 15 мугалим өзүнүн эсебинен ноутбук менен камсыз болуп, интернет туташтырылган. Быйыл коомдук фонд тарабынан интерактивдүү панель алынып, компьютердик кабинет толугу менен жабдылды», — деди А.Керимкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE