Пример HTML-страницы

Өзгөндө жыныс мүчөсүнөн жабыркаган адам боюнча жаңы жагдайлар

Акыркы жанылыктар

TurmushӨзгөн районунун Куршаб айылында мамычага байланып, бычакталган жарандын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 17-ноябрда Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынан билдиришти.

Маалымата караганда, 14-ноябрга караган түнү бейтапка Куршабдагы ооруканада алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан кийин Ош облустар аралык ооруканасына тез жардам кызматы менен жеткирилген.

«Ал урология бөлүмүндө жатат. Операция жасалган, азырынча абалы оор. Бизге нес абалда келген. Эки күн жандандыруу бөлүмүндө жатты. Башына жана көкүрөгүнө томографиялык текшерүү жүргүзүлдү. “Жыныс мүчөсү тарабынан кесилген жаракат” деп жеткирилген. Керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, операция жасалды», — деп айтылат маалыматта.

Куршаб айылынын тургундарынын айтымында, жабырлануучунун 5 кыз жана 1 уулу бар.

Алдын ала маалыматка ылайык, ошол күндөгү окуя айылдагы тойдон кийин болгон. Экөө тең спирттик ичимдиктерин ичпегени айтылууда.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөндөгү эки теңтуштун жаңжалы боюнча жазган. 2023-жылдын 13-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында Өзгөн районунун Куршаб айылынын 44 жаштагы тургуну К.Ш. ошол эле айылдын 44 жаштагы тургуну Э.Т.ны өзү жашаган үйүнө чакырган. Үйдүн короосунда өз ара пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, К.Ш. бычак менен Э.Т.нын денесине жаракат келтирип, электр мамычага жип менен байлап койгон.

Бул факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды. Окуя болгон жерге милициянын аймактык тескөөчүлөрү барып, жабырлануучуга медициналык тез жардам кызматын чакырып, биринчи жардамды көрсөтүшкөн.

К.Ш.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүндө (ден соолукка оор залал келтирүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE