Пример HTML-страницы

Оюн учурунда эки жолу бутун чыгарып алган волейболчу Бакайдын ийгилиги

Акыркы жанылыктар

TurmushАт-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылынын тургуну Бакай Абдыжапар уулу спорттун волейбол түрү боюнча ийгиликтерге жетишип келет.

Бакай Абдыжапар уулу 1992-жылы ушул айылда туулган. Ой-Терскен орто мектебин аяктаган. Кесиби боюнча дене тарбия мугалими.

«Атам, агаларым волейболду жакшы ойношчу. Ошондуктан мектепте окуп жүргөндө 8-класстан баштап атайын курама командага кошулдум. Жогорку окуу жайда, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында “Теңир-Тоо” деген команда түзүлдү. Анда 3 жыл ойнодум. Бул багытта жакшы ийгиликтер жаралды.

Бул багытта, деги эле спорт тармагына колдоо керек. Эң негизгиси баары барып эле каражатка такалат. Тоолуу аймакта жашап физикалык жактан күчтүү болгонубуз менен практикалык жактан жыйынтык жакшы эмес. Көп машыгуу керек. Волейболдо, деги эле спорттун бардык түрүндө оюнга чейинки жакшы даярдык керек. Машыгууну таштабоо керек», — деди ал.

Каарманыбыз үй-бүлөлүү, 5 бир туугандын кичүүсү.

«Келечекте Кыргызстандын курама командасында ойной турчу балдарды тарбиялагым келет. Азыркы учурда Кыргызстанда волейбол улуттук оюн деп аталып калды. Анткени мектептерде окуучулар волейбол менен машыгышат. Ойноп жүрүп чемпионатка чейин барып жатышат. Мекеме-ишканаларда, бардык жерде ойнолот. Бул оюн ден соолукка дагы пайдалуу.

Бул оюндун келечегеги кең деп ойлойм. Үй-бүлөбүз менен ойнойбуз.

Ойноп жатып, 2 жолу бутумду чыгарып алдым. Аскерден келгенден кийин колумду оорутуп алдым. Бирок таштаган жокмун. Дайыма спорт залда машыгабыз. Азыр үйдө дыйканчылык менен алекмин. үйдүн кичүүсү болгондуктан ата-эненин жанына келгем», — деди спортчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE