Пример HTML-страницы

ОшТУнун 10 студенти Корея мамлекеттик стипендиясынын ээси болушту

Акыркы жанылыктар

Turmush2023-2024-окуу жылында ОшТУнун 10 студенти GKS (Global Korea Scholarship) программасы боюнча Корея мамлекетиндеги университеттерде гранттын негизинде окууга мүмкүнчүлүк алышты.

Алар ушул жылдын март айынан баштап өздөрү тандаган адистиктер боюнча Кореядагы университеттерде окуп башташат.

Кореяга жөнөп жаткан студенттерди университеттин ректору Ж.Ж.Турсунбаев кабыл алып, башка өлкөдө билим алууларына ийгилик каалады.

«Биздин окуу жайда орун алган корей тил борбору көп жылдан бери эки өлкөнүн ортосундагы түзүлгөн келишимдерге ылайык академиялык мобилдүүлүк боюнча иш аткарып келет. Быйылкы окуу жылында академиялык мобилдүүлүк программасынын негизинде университеттин 3 студенти Кореяга окууга барышат. Буга чейин дагы бир нече студенттерибиз Корея мамлекетинин бир канча жогорку окуу жайларынан билимдерин улантып келишкен», — деп айтылат маалыматта.

2024-жылга карата Корея мамлекеттик стипендиясынын ээлери:

1. Раззакова Байма Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Сунчонхяң университети, туризм жана менеджмент факультети;

2. Баратова Амина Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Инже университети, мультимедиалык дизайн факультети;

3. Алимжанова Айкэн Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Пусан мамлекеттик университети, визуалдык дизайн факультети;

4. Мирланов Кыялбек Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Ажу университети, программалык камсыздоо факультети;

5. Эсенбаева Гүлжазира Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин 1-курсунун студенти, Коңжу университети, туризм жана оозеки, жазма котормочулук факультети;

6. Канатбек кызы Айганыш Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Коняң университети, бизнес башкаруу факультети;

7. Абил кызы Нуриза Кибернетика жана маалымат технологиялар факультетинин студенти, Осан университети, графикалык дизайн факультети.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE