Пример HTML-страницы

Оштогу айылдан башы жанчылып өлтүрүлгөн адамдын денеси табылды 

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 12-ноябрь күнү Ош шаарынын Кеңеш айылынан 44 жаштагы эркек кишинин денеси табылды. Бул тууралуу өздүк булактар билдирип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Өздүк булактар билдиргендей, азиат түспөлүндөгү адамдын башы жанчылган абалда табылган. Ал киши колдуу болуп мертке кеткен болушу мүмкүн.

Ош ШИИБ бул факты боюнча иликтөө иштерин башталганын белгиледи. Милиция каза болгон адам жөнүндө маалымат 10:30 чамасында түшкөн. Маркум Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын 1978-жылы туулган тургуну Ж.Б. экени аныкталган. Бул өзгөчө оор кылмышка шектүү адамдын ысымы такталып, ыкчам аракеттер көрүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE