Пример HTML-страницы

Ошто милиционер улак тартышта уткан унаасын өзү иштеген бөлүмгө тапшырды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери улуттук оюндардан байгеге уткан унаасын өзү иштеген милиция бөлүмүнө берди. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын №3 милиция бөлүмүнүн башчысы Асхат Субанов улак тартыш оюнунда байгеден утуп алган «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү автоунаасын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө тапшырды.

Ал бул кадамын «Коомдук коопсуздукка кошкон салымым болсун» деп түшүндүрдү.

«Мен февраль айында кезектеги эмгектик эс алууда жүргөн учурда улак тартыш оюндарына катышып, 2 автоунаа уттум. Ошол экөөнүн бирин өзүм иштеген Ак-Буура милиция бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмчөсүнө берүүнү чечтим. Бул оюмду ата-энем дагы кубаттап, колдоп беришти», — дейт Асхат Субанов.

Кечээ, 13-мартта аталган унааны башкармалыктын бөлүм жана кызмат башчыларынын катышуусунда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов башкармалыктын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн башчысы Бакыт Матисаковго тапшырды.

ШИИБдин башчысы Марлис Асанов Асхат Субановдун коомдук коопсуздукка кошкон жеке салымы мактоого арзый турганын белгиледи.

Бул автоунаа эми Ош ШИИБдин карамагына өтүп, тиешелүү документ жана мамлекеттик номур ыйгарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE