Пример HTML-страницы

Ошто чет элдик жарандарды тоноп жүргөн шектүү кармалды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында чет элдик жарандарды тоноп кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-апрелде ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, буга чейин Ош шаардык ички иштер башкармалыгына чет элдик 5 жарандан арыз келип түшкөн. Арыздарда жабырлануучулар өздөрүнө таандык болгон уюлдук телефондорун, акчаларын азият түспөлүндөгү 20-25 жаштагы белгисиз жаран тоноп кеткендигин билдиришкен. Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси (тоноо) менен катталып, тергөө кызматы тарабынан шектүүнү кармоо үчүн атайын тапшырмалар берилген.

Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында кечээ, 12-апрелде кылмышка шектүү катары Ош облусунун Өзгөн районунун 2002-жылы туулган тургуну А.А кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE