Пример HTML-страницы

Ошто батирлердин баасы канча миң долларды чапчыйт?

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин сатыктагы жана ижарадагы баасы канча болуп жатканын Turmush басылмасынын кабарчысы тактады.

Батирлердин орточо баасы жарнама берилген гезиттерден, радиоузелден жана атайын жарнамалык баракчалардан алынган маалыматтын негизинде такталды. Төмөндө көрсөтүлгөн баалар орто баа, мындан арзан же кымбат болушу мүмкүн.

Жеке менчик ээлери койгон бааны мамлекеттик органдардын бири да көзөмөлдөй албайт. Жаңы курулган үйлөр «эконом класс», «комфорт», «элитка», «премиум класс» деп бөлүнүп, баалары да ошого жараша аныкталат. Ал эми эски көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер курулган аймагы, шарттары, жылуулугуна карап бааланат. Ижарага берүүчү менен ижарага алуучунун ортосунда көпчүлүк учурда кагаз жүзүндө келишимдер түзүлбөйт.

Риелтор болуп иштеген Каныбек Ибраим уулу батирлердин баасы былтыркыдай эле болуп жатканын, кардар салыштырмалуу аз экенин айтты.

«103-104-105-сериядагы үйлөр жайгашкан дареги боюнча бааланат. Бул сериядагы үйлөрдүн чарчы метри жаңы үйлөргө караганда тар болот. Аталган үйлөрдүн баасы кардар менен соодалашуу аркылуу өзгөрөт.

Ал эми жаңы курулган үйлөр чарчы метрине эсептелинип, бөлүп төлөө жолу менен гана берилет. Заманбап, жаңы курулган үйлөрдөгү «эконом класстын» 1 бөлмөсүнүн аянты 38 чарчы метр, максимум 50 чарчы метр, «комфорт» 42-50 чарчы метр, «премиум класс» 45-55-60 чарчы метрге чейин болот.

Сатып алуучулар көбүнчө эски курулган үйлөргө кызыгышат. Акчасы да жөндүү, коммуналдык кызматтардын акысы да аз келет. Жаңы курулган үйлөрдө кароолчуга, лифтке деген кошумча төлөмдөр бар жана аянты чоң болгонго баасына бир аз акча кошулат.

Сатылуусу жана баасы боюнча айтсам, сатып алуучулар солгундап кетти. Ошондуктан кээ бир курулган үйлөр колдонууга берилбей турат. Атаандаштык көп болуп, курулуштар көбөйгөндүктөн баа көтөрүлгөн жок. Эгер кардар риелтор менен иштешсе, үй сатып алууда 1-5 пайыз акы төлөнөт. Үй сатууда 1 пайызын алабыз», — деди К.Ибраим уулу.

Ош шаарынын тургуну Гүлбурак Бекешова мындан эки жыл мурда 34 миң долларга эки бөлмөлүү батир алып, ижарага берген. Ал бааны үйдүн жайгашкан аймагына жана түзгөн шартына жараша койгонун айтат.

«Ижарага берип жатканада бизде көбүчнө оозеки келишим түзүлөт. Оңдоп-түзөгөн жерлериңди бузушат, ичиндеги муздаткыч, аристон, кыскасы техникалык көйгөйгө келгенде эки жакта тең нааразычылык пайда болот. Келишим түзүлсө, атайын бир мөөнөткө берип, шарттары да каралмак.

Ошто абалыңды түшүндүрсөң көбү эле бир аз арзандатат. Мен эки бөлмөнү үй-бүлөлүлөргө 18 миң сомго берген элем. Быйыл 25 миң сомго индус улутундагы студенттерге бердим. Баа кошулса, 2-3 миң сом кошулуп жатат. Батирди өзүмдүн акчама сатып алганым үчүн эс алуу убактарында адам таппай калсам, кыжалат болбойм. Көпчүлүк Орусияда иштеп, ипотекага үй алып киргизгендер. Алар ижарачылардын эсебинен үйдүн акчасын төлөшөт экен», — деди Г.Бекешова.

Буга чейин кыймылсыз мүлк боюнча эксперт Чыңгыз Мендибаев Tazabek басылмасына кыймылсыз мүлк рыногунда чет өлкөлүктөрдүн агымы байкалып жатканын билдирген.

Анын айтымында, өзгөчө сөз Россия Федерациясынан келген жарандар тууралуу болуп жатат. Көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү кардардар Россиянын паспорту менен каттатууда. Ал кыймылсыз мүлк рыногундагы бул абалды Россия менен Украинанын ортосундагы аскердик иш аракеттер менен байланыштырган. Ошондой эле Россияга киргизилген санкциялардан кийин өлкөгө Америка жана Европанын рыногунда иштеген көптөгөн IT адистер келди.

Ч.Мендибаев россиялыктарга батирди ижарага алганча сатып алуу пайдалуураак экенин кошумчалаган. Себеби бул окуялар качан аяктары белгисиз.

Макаланын жабык бөлүгүндө батирлердин баалары бар.

АКИpress’тин кыргыз тилиндеги маалыматтарынын толук архиви (коомдук-саясий жаңылыктар, маданият, кылмыш жана кырсыктар, спорт, ошондой эле аймактардагы маалыматтар)

Бул тариф жеке тараптарга гана тиешелүү. Эгерде материалдарга корпоративдик негизде каттала турган болсоңуз (уюмдар, мамлекеттик мекемелер, ведомстволор жана башка) бизге байланышсаңыз болот. Электрондук дарек: info@akipress.org


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE