Пример HTML-страницы

Ошто 17 жыл мурунку кылмышка айыпталган адам кармалды. Ал аты-жөнүн өзгөртүп, жашырынып жүргөн

Акыркы жанылыктар

TurmushОш шаарында каракчылыкка айыпталып, 17 жылдан бери издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2006-жылдын 17-мартына караган түнү саат 00:30 чамасында алдын ала тергөөдө өздүгү аныкталбаган Айбек аттуу жаран Ош шаарынын Мамыров көчөсүнүн жашоочусу С.З.нын үйүнө бетин жоолук менен жаап, ороп алган абалда балкону аркылуу кирген. Ал үй ээсин уруп, бычак менен өлтүрөм деп коркутуп, 22 300 сомдук алтын буюмдарын жана 1700 сомдук кийимдерин ачык түрдө тартып алып, кайра балкон аркылуу качып кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу денесинен жараат алып, жалпы 24 000 сом материалдык зыян тарткан.

Бул факт боюнча 2006-жылы 18-март күнү Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 2-3-бөлүмү (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иштердин жүрүшүндө шектүү Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Ак-Там айылынын тургуну — 1981-жылы туулган С.А. экени аныкталган. Ал 2002-жылдын 1-апрелинде Ош шаардык соту тарабынан Кылмыш-жаза кодекси 174-беренеси (мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу), 169-беренеси (башка бирөөнүн мүлкүн өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо) менен соттолуп, 15 жылга эркинен ажыратылган. 2003-жылы 6-февралда Ош облустук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган.

Тергөө учурунда шектүүнүн жашаган жана жашырынып жүргөн жерин тактоого мүмкүнчүлүк болбогондуктан 2006-жылы 20-апрель күнү тергөө тарабынан айыпкер катары жоопко тартылып жана ага карата издөө жарыялоо менен бирге бөгөт коюу чарасы катарында камакка алууну колдонуу жөнүндө токтом кабыл алынган. 2006-жылы 18-май күнү издөө иши ачылган.

Көп убактан бери С.А.аны кармоо максатында ыкчам иштер жүргүзүлүп жаткан. Ыкчам иштердин жүрүшүндө С.А. өзүнүн аты-жөнүн жана туулган жылын, айын, күнүн 1979-жылдын 10-мартына өзгөртүп, Жалал-Абад облусунун Кербен шаарына каттоого турган.

2023-жылы 17-февраль күнү Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Аксы районунда аталган жаран кармалып, Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE