Пример HTML-страницы

ОшМПУнун филологдору терминологиянын абалы тууралуу маалымат алышты

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 19-майда Ош мамлекеттик педагогикалык университетинде «Учурдагы терминологиянын абалы жана эксперттерди түзүү» аталышында жыйын болуп өттү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан уюштулуруп, ага университеттин жана колледждин мамлекеттик тил кафедрасынын мүчөлөрү, дүйнөлүк тилдер кафедрасынын окутуучулары жана жалпы профессордук окутуучулук жамаат катышты.

Ага ылайык, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова, Кыргыз энциклопедия жана терминология борборунун директору, башкы редактор Нуржан Маражапова ар бир окуу жайга учурдагы терминологиянын абалы жана эксперттик топторду түзүү, алардын иши боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү максатында иш сапары менен келгендигин билдиришти.

Коноктор билдиргендей, сөздөрдү туура жайылтуу, тактоону талап кылган терминдер, тилдеги түрдүү ой пикирлерди жараткан сөздөрдүн этимологиясы, тилдин тагдыры, кыргыз тилинин мааниси боюнча кеңири маалымат беришти. Ошондой эле бөлүмдүн адистери тарабынан окутуучуларга сайттарга макалаларды жазуу, ар бир адис өзүнүн адистиги боюнча тилдик терминологияларды түзүү жана энциклопедиялык эмгектерди жаратуу сыяктуу сунуштары менен бөлүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE