Пример HTML-страницы

Ош шаарында жаандан кийин арыктагы суу көчөлөрдү каптап жатат

Акыркы жанылыктар

TurmushБүгүн, 28-августта Ош шаарында жаан жаагандан кийин арыктагы суу ашып, жолду каптады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, мындай көрүнүш бир нече жылдан бери болуп жатат. Учурда шаардагы көчөлөрдү суу каптап, ыңгайсыздык жаралууда.

Ал эми «Ош-Тазалык» ишканасынын жетекчиси Нурбек Исмаиловдун айтымында, арыктар эски, кеңейтиле элек, ошондуктан тез эле толуп калат. Кызматкерлердин да саны жетишсиз.

«Биздин ишканага 140 км арык карайт. Болгону 18 кызматкер нөөмөт менен иш алып барышат. Алар баарын бир убакта тазалоого жетишпейт. Кийинки жылы суу өтүүчү арыктар кеңейтилет», — деди Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE