Пример HTML-страницы

Ош облусунун аймагында Жаңы жылды тосуу учурунда коомдук тартипти бузган фактылар аныкталган жок

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында Жаңы жыл тосуу салтанаты учурунда коомдук тартип бузулган учур катталган жок. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

2022-жылдын 31-декабрынан 2023-жылдын 1-январына караган түнү Ош облусунун бардык райондорунда Жаңы жыл тосуу салтанаты өткөрүлдү. Жаңы жылды тосуу жана даярдык көрүү учурунда Ош ОИИБдин өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, 24 саат бою өздөрүнө бөлүнгөн аймактарда коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш алып барып жатышат. Мындай күчөтүлгөн иш-чаралар 9-январга чейин улантылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE