Пример HTML-страницы

Ош облусунда жарнама такталары боюнча 11 адамга айып салынды

Акыркы жанылыктар

TurmushОш облусунун аймагында уруксат берилбеген жерлерге жарнама илген 11 жаранга 33 миң айып пул салынды. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

«Автомобил жолдору жөнүндө» мыйзамдын жана «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарын аткаруу боюнча Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жол кыймылын көзөмөлдөө тобунун кызматкерлери тарабынан 13-16-март күндөрү Ош облусунун аймагында «Жарнак такта» аталыштагы рейддик иш-чара өттү. Иш-чара Ош облусундагы унаа жолдордун жээгинде тиешелүү органдар менен макулдашбастан жарнак такталарын, паннолорду, иш транспаранттарды, көрнөктөрдү, плакаттарды, афишаларды, белгилерди, көрсөткүчтөрдү жана башка ушундай өз билемдик менен орнотуп алган фактыларын аныктоо максатында уюштурулду.

Рейддин жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 179-беренесинин (автомобиль жолдорунун бөлүү тилкесин сактоо эрежелерин бузуу) негизинде 11 жаранга карата протоколдор түзүлүп, ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынды.

Учурда мындай иш-чаралар Ош облусунун бардык райондорунда уюштурулуп өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE