Пример HTML-страницы

Ош облусунда 1 жылда прокуратура 584 млн сомдук зыянды өндүрдү

Акыркы жанылыктар

TurmushМамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү багытында Ош облусунун прокуратура органдары тарабынан иш аракеттер жүргүзүлүп жатат.

Облустук прокуратуранын маалыматы боюнча, 2022-жылы прокуратура органдарынын чара көрүү актыларынын негизинде облус боюнча жалпы 583 914 889 сомдук материалдык зыян өндүрүлгөн. Алардын ичинен 52 911 589 сомдук зыян акчалай түрдө өндүрүлгөн болсо, 531 003 300 сомдук мыйзамсыз менчикке өткөрүлүп кеткен 25 кыймылсыз мүлк объекттери. Арасында социалдык инфраструктуранын 3 объекти жана жалпы 191,1 га аянтындагы баасы 422 277 700 сомду түзгөн 22 жер тилке мамлекеттик жана муницпалдык менчикке кайтарылган.

Мисалы, Ноокат районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 10-январындагы талап кылуусунун негизинде Жаңы-Ноокат айыл аймагындагы 69,4 млн сомдук 0,99 га жер тилкеси менен маданият үйүнүн имараты айыл өкмөттүн балансына кабыл алынган.

Ош облусунун прокуратурасынын 2022-жылдын 8-февралдагы прокурордук чара көрүү актысынын негизинде 25,7 млн сомдук жалпы 34,1 га аянттагы 2 жер тилке (Кашкар-Кыштак жана Шарк айыл өкмөттөрүнүн) муниципалдык менчикке кайтарылган.

Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан 2022-жылдын 2-мартында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, аны кароонун жыйынтыгы менен баасы 320 млн сомду түзгөн айыл чарба багытындагы 127,0 га жер тилкеси Шарк айыл өкмөтүнүн жер балансына кабыл алынып, муниципалдык менчикке кайтарылган.

Ошондой эле Ноокат районунун прокуратурасынын 2022-жылдын 9-сентябрындагы прокурордук чара актысынын негизинде мурда мыйзамсыз ажыратылган Т.Кулатов атындагы айыл аймагында жайгашкан Абшыр-Ата эс алуу жайына караштуу базар баасы 24,2 млн сомду түзгөн 4,05 га жер тилкеси (анын ичинде чайкана, ашкана, коттедждер жана башка курулуштар) айыл өкмөттүн менчигине кабыл алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE