Пример HTML-страницы

Орус кыздан кыргыз келинине айланган Юлия Фоменко

Акыркы жанылыктар

Turmush«Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын тургун Юлия Фоменко. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Ал 1983-жылы жарык дүйнөгө келип, Тогуз-Булак айылынын Ж.Асаналиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин босогосун аттаган. Мектепти аяктаган соң, эки кесиптин ээси болуп, өмүрлүк жолдошу менен баш кошкон.

Каарманыбыз алгач балалык кезин мындайча баяндады.

«Менин кайын журтум да, төркүнүм да Тогуз-Булак айылында отурукташкан. Ата-энем орус улутунан, анткен менен бала кезде тегеректеги коңшу-колоң кыргыздар болгондуктан кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Үй-бүлөдө 3 бир тууган болгондуктан эки тилде аралаш сүйлөшө беребиз. Мектепте орус тилинде билим алдым. Алгач Каракол шаарындагы кооперативдик кесиптик окуу жайдан 3 жыл билим алып, тикмечилик кесипке ээ болдум. Ошентип, 2002-жылы өзүм окуп кеткен мектепке катчы болуп жумушка орноштум. Кийинчерээк башталгыч класстын мугалими адистигин тандап, К.Тыныстанов атындагы ЫМУда сырттан окуу бөлүмүнө өттүм. Ал арада мектепте башталгыч класска билим берип, декреттик өргүүдөн кийин 2016-жылдан тарта бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жатам», — деди ал.

Юлия өмүрлүк жолдошу менен 2004-жылы баш кошуп, кыргыз үй-бүлөгө келин болгонун кошумчалады. Ал арадан бери кайнененин тарбиясын алып, кыргыздын каада-салтын, ырым-жырымын колдонуп келерин айтып өттү.

«Жолдошум Ардак менден 4 жаш улуу. Экөөбүз 2 жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон жаңыдан чыгып жаткан болчу . Жигитим үйүмө келип алат эле. Анан 5-курста окуп жатканда, кыштын күнү бороон болуп жаткан мезгилде күтпөгөн жерден үйүнө алып келип алды. Эми ал кезде көп деле каршылык көрсөткөн жокмун. Анткени үйлөнүү тууралуу сунуштаган болчу. Ошол мезгилден тарта 4 кыздын ата-энеси болуп, ынтымактуу жашап келе жатабыз.

Өмүрлүк жолдошум үйдүн кичүүсү. Жалпы 7 бир тууган, 5 кайын эжем жана 1 кайын агам бар. Кайненем ден соолугуна байланыштуу баса алчу эмес. Жаш кезде каралашып, батасын алганга аракет кылдым. Анткени апам мага кыргыздын каадасын, ырым-жырымын үйрөттү. Жаңы келин болуп барганда, ичеги-карын артканды билчү эмесмин. Ошондон баштап мени үй тиричиликке, сарамжалдуулукка үйрөттү. Азыр турмушта көп пайдасы тийип, ыраазычылыгымды билдирем. Эми ырым-жырымсыз оокат болбойт, кээде курбуларга, абысындарга кеңеш берсем, “сен кайдан билесиң?” деп таң калышат», — деди ал.

Төрт кызды тарбиялап келген жубайлар бири-бирин түшүнүп колдоп келерин жашырбайт.

«Ынтымак үй-бүлөдөн башталат дегендей, үйдүн коломтосу аял киши болот. Кожоюн сырткы чарбаны колго алып, чакан чарбабызга малина, кулпунай өстүрүп, мал чарбаны да колго алып келе жатат. Экөөбүз баш кошкондон бери менин бардык сунушумду колдоп турат. Эриш-аркак болуп, түтүн булаткан соң, тегеректеги коңшулар 2011-жылы Түп районунда өткөн «Супер келинчек» сынагына катыштырды. Эч даярдык жок жерден баланы бешикке бөлөп, кол өнөрчүлүктү көрсөтүп, жеңүүчү болгон элем.

Бош убактымда курак курап, түймө түйөм. Анан да үйдө тамакты камырдан жасаганды жактырам. Жолдошум менен кыздарым колго жайылган жупканы, бешбармакты жакшы көрүшөт», — деп сөзүн жыйынтыктады Юлия Фоменко.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE