Пример HTML-страницы

Өлкөнүн тоолуу аймактарында абал кандай? (видео)

Акыркы жанылыктар

TurmushЫсык-Көл, Нарын облустарынын бийик тоолуу райондорунда калың кар жаады. Ат-Башы жана Ак-Талаа районунда эрте жаздоого чыккан мал үшүктөн өлүп, малчыларды азапка салса, шамалдуу келген Балыкчы шаарында бак-дарактарды муз каптады.

Кыргызстанда 3-майдан 6-майга чейин түндө жана эртең менен үшүк жүрүшү мүмкүн.

3-майда Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында, 4-5-майда Чүй менен Талас облустарынын дыйканчылык жерлеринде абанын температурасы 0…-2 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

3-майдан 6-майга чейин түндө жана эртең менен Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында абанын температурасы -2…-4 градус болору күтүүүлдө.

  • Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күткүсү күтүлөт.

Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

  • 2-майда Нарын облусунун Ат-Башы районунда аба ырайына байланыштуу эрте жаздоого чыккан мал арасында 10дон ашык кой, 10 чакты уй зыянга учурады. Бирок массалык мал өлүмү болгон жок.

Президенттин облустагы өкүлүчүлүнүн басма сөз кызматы Ат-Башы районунун акими Эмилбек Абдыкадыровго шилтеме берүү менен билдиргендей, кечээ райондук штаб түзүлүп, абал толугу менен көзөмөлгө алынды. Кыштоолорго барган жолдорду ачуу боюнча айыл өкмөт башчылары иш жүргүзүп жатат. 2-май күнү кечинде Кара-Булуң айылындагы эки короо кой жаздоодон алып түшүрүлдү. Алардын арасынан эрте кыркылган койлордон 10-15 кой суукка тоңуп өлгөн. Ошондой эле кыштан арык чыккан 10 чакты ири мүйүздүү мал зыянга учураган. Ал эми калган мал аман-эсен. Аларга 2 автоунаа чөп жеткирилди.

Аба ырайына байланыштуу жагдай райондун Кызыл-Туу, Кара-Булуң, Калинин, Терек-Суу, Казыбек айылдарында түзүлдү. Учурда абал көзөмөлдө.

Буга чейин Ат-Башы районунун Кара-Булуң айылынын тургундары Ичке жайлоосунда мал калып калганын, айрымдары өлүп жатканын айтышкан.

«Жергиликтүү тургундар өздөрүнүн күчү менен малын сактап калууга аракет кылып, чарбаларынан чөп ташып жатышат. Бирок бул аракеттер аздык кылат», — деген айыл тургундары.

Малчылар акимчиликтин жетекчилигинен, ӨКМдин башкармалыгынан чара көрүп, чабандарга жардам берүүнү суранган.

————————————————-

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Орто-Сырт жайлоосуна кар түшүп, тоют маселесинде кыйынчылык жаралды.

Жергиликтүү тургундар билдиргендей, кечээ, 2-майда аба ырайы кескин түрдө өзгөрүп, болжол менен саат 14:00 чамасында айылдарга кар аралаш жамгыр, Орто-Сырт жайлоосуна кар жааган.

«Бир жарым сааттын ичинде калыңдыгы 30-40 сантиметрге жеткен кар жаады. Бул жакта малчыларга жана малга кыйын болду. Тоют жеткирет десек, жол жок. Мал ачка калды. Бийлик, өзгөчө кырдаалдар бөлүмү ушундай учурда иштеп коюшпайбы. Жолду сүрдүрүп, ачып беришсин», — деди жергиликтүү тургун.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, ӨКБга кечээ, 2-майда саат 22:35де Ак-Талаа районунун Үгүт айыл аймагына караштуу Байгөнчөк айылынын тургуну телефон аркылуу Орто-Сырт жайлоосунда жааган кардын кесепетинен 2000 баш майда жандык, 530 баш ири мүйүздүү мал оттой албай калгандыгы тууралуу билдирген.

Орто-Сырт жайлоосунда малчылар каттаган Мелс ашуусу жабылып, 5 үй-бүлө мал-жандыгы менен калып калган. Алар мал-жандыктарынын тоюту жок болгондуктан, жардам сурап кайрылышкан. Мындан улам Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясында отурум өткөн.

Район акими Жумадилла Жапаров бүгүн, 3-май күнү эртең менен жол ачууга техникалар жиберилгендигин айтты.

«Орто-Сырт жайлоосунда элдин малын алып кеткен 4-5 бадачы бар экен. Болжол менен 1 500дөй майда жандык жана 500дөй бодо мал бар экен. Бул боюнча маалыматтар бар. 20-30 сантиметр кар жааптыр. Бүгүн, 3-май күнү эртең менен эрте 1 погрузчик алып, биринчи орун басарым, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жетекчиси жана башка тиешелүү кызматтын өкүлдөрү Орто-Сыртка чыгып кетишкен. Учурда мага «Мэлс ашуусунун этегине жеттик» деп маалымат беришти. Биринчи кезекте жолду ачып алсак, андан кийин малчыларга тоют жеткирүү иштерин аткарабыз. Учурда, Терек айылынын тургундары тоют топтоп жатышат. Кечке чейин аракеттер көрүлөт», — деди Жапаров

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE