Пример HTML-страницы

Ноокаттагы базарында адамды атып, акчасын карактап кеткендер кармала элек

Акыркы жанылыктар

TurmushНоокат районунун борбордук базарында адамды атып, баштыгындагы акчаларын карактап кеткендер кармала элек. Бул маалыматтым бүгүн, 5-июлда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча ички иштер органдарына жана коңушу олкөлөргө багыттама жөнөтүлүп, кылмышка шектелген жарандарды издөө иштери уланып жатат.

«Бул боюнча жалпы республика боюнча ички иштер органдарына багыттама жөнөтүлгөн. Коңшу мамлекеттерге дагы багыттамалар жөнөтүлгөн. Азыр издеп табуу боюнча иштер жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

2022-жылдын 5-июнь күнү белгисиз адам Ноокат шаарында С.Алимбаев көчөсүндө Н.И аттуу жарандын бутуна ок атуучу курал менен атып, анын баштыктагы 60 миллион өзбек сумун (450 миң сом) карактап кеткен. Ок чыгаргандар окуя болгон жерден изин жашып качып кетишкен. Жарат алган Н.И ооруканага жеткирген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE