Пример HTML-страницы

Ноокатта ата-энелер даттангандан кийин мектепте канча градус жылуу болуп жатканан көрсөтүштү. Видео

Акыркы жанылыктар

TurmushБилим берүү жана илим министрлиги Ноокат районуна караштуу Ынтымак айыл өкмөтүндөгү Төрөбай Кулатов атындагы орто мектептеги абал боюнча комментарий берди.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 2023-жылдын 24-25-26-январь күндөрү Ынтымак айылында саат 08:00дөн саат 10:00гө чейин жана мезгил-мезгили менен электр энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган. Ошол учурда мектептин буу казанындагы (котельный) сууну айдоочу насостор иштебей калгандыктан мектептин имараты муздап калган.

«Кайрадан жылуулук берилип, толук кандуу ысыганга чейин эки саатка жакын убакыт кетет. Бул мезгилде кааналарда температура нормага жетпей жаткан. Жылытуу мезгилине керектелүүчү БСШ үлгүсүндөгү 90 тонна көмүр айыл өкмөтү тарабынан түшүрүлгөн. Акыркы 2 күндөн бери башка БК үлгүсүдөгү көмүр айыл өкмөтү тарабынан алынып келинди. Учурда окуу кааналарында температура +17, +18 градусту түзөт. Мындан сырткары окуу кааналарына кошумча жылыткычтар коюлуп, жылытылууда. Окуу процесси эч кандай үзгүлтүккө учураган жок», — деп айтылат маалыматта.

Министрлик кошумчалагандай, билим берүү мекемелерин жылытуу менен камсыз кылуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдети. Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө карабастан, ата-энелер окуу процессин жандантуу өтүнүчү менен кайрылышкан. Мындан улам аталган мектепте окуу башталган.

Буга чейин ата-энелер аталган мектеп жакшы жылыбай жатканын айтып, нааразы болушкан. Ошондой эле тургундар мектепте алынып келген 90 тонна көмүрдүн 30 тоннасынын гана сапаты жакшы болгонун, калганы жакшы күйбөй жатканына даттанышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE