Пример HTML-страницы

Ноокатта 3 көпүрөнү сел алып кетти. Бирок унаалардын каттамы токтогон жок

Акыркы жанылыктар

Turmush6-май күнү катуу жааган жаандан улам Ноокат районунун Бел айыл өкмөтүндөгү ички үч көпүрөнү сел алып кетти. Бирок жашоочулар айланма жол менен каттап жатат.

Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Алмабашовдун айтымында, көпүрөлөрдү калыбына келтирүүгө Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көмөк көрсөтөт.

«Селдин кесепетинен ички үч көпүрөнү суу алып кеткен. Бирок борбордук көпүрөлөргө зыян келген жок. Кайрагач айылынын Күнгөй аймагына өтүүчү көпүрө кыйраган. ӨКМ бир көпүрөнү толук бүтүрүп берүүнү убадалады, бирок убактысын айтышкан жок. Дагы бир көпүрөнү оңдоого керектүү материалдарды алып беришет. Ал эми үчүнчү көпүрөнү эл менен чогуу оңдоп алабыз. Айылдарда айланма жол болгондуктан унаа каттамы токтогон жок. Көпүрөдөн жөө жүрүүчүлөр каттап жатышат», — деди М.Алмабашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Досторуңуз менен бөлүшүңүз..........

KYRGYZCHA SITE